Териден эшилген буюмдар

Териден эшилген буюмдар (Теричилик) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюм - тайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу. Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын колдонуу менен түркүн буюм-тайымдар жасалат. Тери буюмдарын кармоо элибиздин күндөлүк жашоо-турмуш шартына тыгыз байланышкан. Малдын, кайберендин жана аңдардын терилери көчмөңдүү элдин буюм жасоолору үчүн өтө зарыл болот. Ушундан улам «Тогуз катар торкодон акемдин түгү өтүптүр» деген калк накылы чыккан. Азыркы учурда теринин баркы ого бетер артылууда.

Жалаң гана териден жасалган кийим-кечектердин түрлөрүнө: тон, чыптама (өпкө кап), ичик, шым, тебетей, малакай, тумак, көн буюмдары кепич, маасы, кол кап, мөкү, көкжеке, кур (кемер), томого, каргы, чыны кап өңдүүлөр кирет. Ошондой эле шири идиштери: көнөк, көөкөр, көнөчөк, сабаа, чанач, супура, тулуп сыяктуулар тоолук элдердин сынбаган-бүлүнбөгөн, урунууга бышык идиштери болот. Ат жабдыктарына да малдын, кайберендин, терилери бирден-бир жердик болот. «Тилүү», «каптоо», «каюу», «оюм, наар түшүрүү» жана «өрүү» өңдүү сыналган өнөрү аркылуу тери буюмдарын жүзөгө ашырган элдик чеберлердин эчактан бери келе жаткан жөрөлгөлөрүн жаземдебей улаган усталар жана уздар азыр да бар. Жашоо-тиричилигибизде тон, желетке, чыптама (өпкө кап) жасоого да көңүл бурулган. Мында кийимдин жасалышы боюнча ар кыл өзгөрүүлөр байкалат. Бир кездерде тери кийимдеринин белине, көкүрөк тушуна, этек-жеңдерине көрпөдөн «жээк» кыюуланган. Мындай кадимки пальто формасындагы кийин чыккан кийимдерге көбүнчө топчу да, илгич да кадалуучу. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде ага чейин тери менен жүн кийимдерин колдон иштетүү өтө өөрчүгөндүгүн көрөбүз. Албетте, буга бир эсептен кыйынчылык жашоо-турмуш өзү себепкер.

Малдын терисинен элдик кол өнөрчүлүктүн мурунку жөрөлгөсүн сактап, кийим - кече кылып кийүү таламдары улам барган сайын тарууда. Элет жерлеринде гана көрпө саксактан ичик жасашат. Аны баш кийит катары баалашат. Күндөлүк жашоо - тиричилик жагдайын тике багыттаган түркүн тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Бирок, мал киндиктүү кыргыз жергесинде көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа, төтөн, чанач сыяктуу идиштерди урунуунун зарылчылыгы аябай бар. Азыр жылкы чарбасын өстүрүп, анын продуктуулугун арттырууда багыт берилүүдө. Ала - Тоону түптөп отуруп, желе байлап, кымыз ачыткан, боз үй тиккен кыргыз элине мындай шири идиштерин мындан ары өнүктүрүүгө ойдогудай мүмкүндүк берет.

Ата-бабаларыбыздан, тээ, түпкү чыгышыбыздан бери малдын терилеринен түркүн буюмдар кармалуучу, азыр уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн терилерин анча барктабай баратабыз. Ал эми жандыктардын терилеринин жүнүн жыдытып, жаргагын ыргытып жиберебиз. Булар — ошол элдик көөнөрбөс нускалардын түбөлүктүү жердиги. Бардар турмуштун мына ушул малдын, кайберендин терилеринен мурдатан келе жаткан көркөм өнөрдүн жөрөлгөлөрүн андан ары өнүктүрүүнү сүрүп чыгарды. Аны сактап, кийим-кечек тигип кийүүнү четке кагууда. Күндөлүк тиричилик жагдайын, багыттаган ар кандай тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Кыргыз элинин тоолук турмушу мындай идиштерге качан да болсо муктаж. Муну мындан ары тиричиликтик буюм-тайым жана элдик өнөр катары өнүктүрүүгө шарттар боло албай жатат.

Сабаабыз челекке, көөкөрүбүз мискейге, чаначыбыз конистрге, супурабыз клеенкага, тулупубуз баштыкка алмашып, даяр нерселерди гана колдонуудабыз. Кыргыздын өзүнүн улуттук буюмдары кылымдар бою көчмөңдүү турмушубузга байланыштуу болгондуктан булар азыркы мал чарбачылыгы өрүш алган элибиздин эмки жашоосуна да айрыкча маанилүү. Аларды көчүп-конуп, талаа-түздө жүргөн турмушубузда урунуу өтө ыңгайлуу. Буларга куюлган тамак-аш эч качан өзүнүн даамын, түсүн жана сапатын бузбайт, кайра жакшыртат. Кымыз куюлган чаначта, бышылган сабаада гана даана даамына чыгат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)