Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Теннис

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Теннис

«Бир кенедей топту ары-бери ыргыткандын эмнеси кыйын!» Теннис аянтына - кортко биринчи жолу кирген адам ушинтип ойлошу мүмкүн. Бирок ракетаны алып кортко чыккан соң, теннис жөнүндөгү анын ойлогону дароо өзгөрөт. Үйрөнчүктүн тобу бирде торчого урунса, бирде аянттан алыс учуп кетет, ошентип бир нече жолу ойногондон кийин, ал теннис эң татаал оюн экенин түшүнөт.1874-жылы Англияда лаун-теннистин (англисче «лаун» - көк жайык, «теннис», болжолу: француздун «тене» -«карма, ал» деген сөзүнөн алынса керек) эрежеси жарыяланган, ал азыркы теннис оюнунун эрежелерине окшош болгон. Топ аянтка биринчи ирет тийип секиргенден кийин же абада учуп келатканда ракетка менен чабуу керек. Топ экинчи ирет жерге түшпөш керек. Упай алуу топту берүүдөн - биринчи чабуудан башталат. Топ эки талаанын биринен экинчисине ортодо тартылган торчодон ашыра чабылат (ар бир жак эки жолу топ чаап берүүгө акылуу). Биринчи жана экинчи топту утса, 15тен упай, үчүнчүсү үчүн - 10 упай берилет. Төртүнчү топту да утса, мөрөй ошол оюнчуга ыйгарылат.

40:40 эсебинен кийин саноого ыңгайлуу болсун үчүн упайлар «тең», «көп», «аз» деген сөздөр менен айтылат.«Аз» деген эсептен кийин топ чаап берген тарап упай албаса, ал жеңилген болуп эсептелет, ал эми көп деген эсептен кийин упай кошулса ал тарап жеңип чыгат. Бир оюн бүткүчө топту бир оюнчу, экинчи оюнда экинчи берет. Партияны жеңип чыгыш үчүн алты жолдон кем эмес беттешип, атаандашынан кеминде эки оюн ашык утушу зарыл. Жекеме-жеке же эки-экиден беттешүүлөр үч же беш партия оюндан турат. Оюн тегиз, ак сызыктар менен белгиленген аянтта өтөт. Аянттын бети топурак, кум төшөлгөн, асфальтталган, бетондолгон, цементтелген, пластикаланган, тактайланган же шиберлүү болушу мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4089, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо