Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Темирова Айтурган

Темирова Айтурган (2. 2. 1958-жылы туулган, Кытай, Куча шаары) – кино артисти. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2001). 1961-ж. Темирова Кыргызстанга Кытайдан көчүп келип, 1971–74-жылдары М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын 1974-76-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган. Темированы 16 жашында белгилүү реж. Б. Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1972) фильминдеги Калыйчанын ролун аткарууга чакырат (1973, ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйл. алган). Темирова 40тан ашуун киного тартылып, көп каармандардын образын жараткан: Гүлжамал («Ак кеме», 1975, «Эл арасында», 1978), Сарыгулдун аялы («Эрте келген турналар», 1979), Ажар («Бөрү зындан», 1983), Алия Молдогулова («Снайперлер», 1986), Гүлжан («Фудзиямадагы кадыр түн», 1988), Сабина («Заговор», 1989), Токол («Кара кыз», 2005) ж. б. 1999-жылдан Темирова Брно шаарында (Чехия) жашайт. Казакстан республикасынын 2 даражадагы «Достык» ордени менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)