Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Темир

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Темир

Темир адамга миңдеген жылдардан бери белгилүү. Бирок анын адамга толук кызмат кыла баштаганына жүз жылдан ашуун убакыт болду. Азыр бул металлсыз биздин турмушубузду элестетүү кыйын. Темир - бул машина жана станоктор, поезд, самолёт, автомобиль, оюнчук, үтүк жана кир жуугуч машиналар...Темирди ар кандай жол менен: эритип, калыпка куюп, зым кылып чоюп, жалпайтып, кесип иштетүүгө болот. Азыркы замандагы техникаларды жасоодо темир ар түрдүү заттар, көбүнчө көмүртек кошулган куйма түрүндө пайдаланылат. Эгерде куймада көмүртек көп болсо, темир катуу, бирок өтө морт болот. Бул - чоюн.

Куймада көмүртек аз болсо, темир катуураак, ийилгич жана серпилгич, бирок мурдагыдан да морт болот. Бул - болот. Эгерде көмүртек андан да аз болсо - темир жумшарып, оңой ийилет, оңойлук менен сынбайт. Болотко дагы белгилүү бир заттарды кошуп, дат баспаган, сынбаган, отко чыдамдуу, өтө күчтүү кислота да оё албаган - легирленген болот алынат. Ошондой болсо да темирдин кемчиликтери да бар: аны дат басат жана абдан оор. Ошондуктан конструкторлор темирдин ордуна башка бышык жана женил материалдарды - алюминий, пластмасса, айнекти барган сайын көбүрөөк колдонушууда. Бирок темирди архивге өткөрүүгө али эрте.

Илимпоздор темирдин дат баспаган, отко чыдамдуу, кислота оё албаган сортторун жасоону гана үйрөнүшпөстөн, алар атомдордун жашырын сырын ачып, темирдин атомдорунун ордун кантип алмаштырууга боло тургандыгын түшүнө башташты. Ошондо темир ондогон эсеге бекем болот. Эгерде пластмасса темирдей бекем болсо, темир дагы пластмассадай жеңил жана пайдаланууга ынгайлуу болот. Бирок алар бири-бирине тоскоол болбой, адамга биргелешип кызмат кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6907, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу