Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Телтаев Касымбай

Баш барак | Биографиялар | Телтаев Касымбай

(1886, Ак-Өлөң айылы, азыркы Тоң району —1973, Бишкек ш.) - түндүк Кыргызстан менен Жети-Сууда Кеңеш бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышкандардан. 1918-23-жылы КПСС мүчөсү. 1918—19-жылы ЖетиСуу юстиция бөлүмүнүн коллегия мүчөсү, жооптуу котормочу, 1919—20-жылы Верный уезддик-шаардык рев-ялык комитетинин президиумунун «мүчөсү, бөлүм башчысы. 1920-жылы Нарын уезддик-шаардык рев-ялык комитетинин катчысы. 1921-жылы Алматы уезддикшаардык рев-ялык комитетинин президиумунун мүчөсү, катчысы. 1921—22-жылы Түркстан Компартиясынын Нарын уезддик-шаардык комитетинин жооптуу катчысы болуп туруп, мында биринчи жолу «Кошчу» союзун уюштурган. 1923-жылы Түптө айыл чарба мектебин, жетим балдар мектебин уюштуруп (азыркы Ысык-Көл айыл чарба техникуму), аны 1926-жылга чейин жетектеген. Ал жерде бир нече жетим баланы багып алып, үйүндө асыраган. Анын бири С. Турсуновага өз фамилиясын берген. Т. өтө кайрымдуу адам болуп, ал 1960-жылдарга чейин 20дан ашык жетим балдарды багып өстүргөн.

1926—27-жылы Каракол - Нарын округдук аткаруу комитетинде жооптуу котормочу. 1927-57-жылы - чарбалык иштерде иштеген. 1957-жылдан пенсияда болгон. Т. 1923-жылы «Алаш-Ордонун» активдүү мүчөсү деген жалаа менен компартиянын катарынан чыгарылган, 1933-жылы түрмөгө кесилип, 1936-жылы бошонгон. Ал 1958-жылы акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 532, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу