Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Телик куш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Телик куш

Бул чымчыкты кеч күүгүмдө гана көрүүгө болот. Ал бирде ободо кайкып, бирде шукшурулуп төмөн түшүп, кээде кой, эчки, жылкы, уйларды айланып учат. Ал эми күндүз издеп таап көр. Балким ал жаныңда эле жерге же жоон бутакка жабышып отургандыр, бирок көрүнбөйт. Ал жашынганга чебер - түсү да жерге же бутакка окшош, кыймылдабай көпкө отура берет, анын үстүнө ал башка чымчыктардай теректин бутагына конуп отурбастан, узунунан жабышып жатып алат. Бул чымчыкты телик куш деп бекеринен аташпаган. Аны уй-койлорду тегеренип учуп жүргөндүгүнөн, сүт уурдап эмет го деп ойлошкон.

Чынында ал уй, эчки, жылкыга конууга келген чымын-чиркей, сайгактарды кармап жейт. Демек ал пайдалуу чымчык тура! Ойдон чыгарылган жалган кепке ишенип, айрым адамдар аны кубалап, кээде өлтүрүп да коюшат. Ал эми анын жумурткасын кээси билбей, кээси атайылап талкалашат. Телик куш уя салбайт. Ургаачы чымчыгы 1-3 чаар ала жумурткасын жерге түшкөн жалбыракка, кээде жөн эле жерге таштайт да, эркеги экөө кезектешип басат. 17-18 күндөн кийин үрпөк күрөң түктүү балапандар чыгат.

Алар өтө мажүрөө болушат, түсү гана коркунучтан сакташы мүмкүн. Эгер алар аман-эсен чоңойсо, август-сентябрдан ата-энеси менен бирге жылуу өлкөлөргө учуп кетишет. Жазында кайра келип пайдалуу иш аткарышат - зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу