Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Телеграф

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Телеграф

«Телеграф» грекче: «теле» - «ыраак», «графо» - «жазам» деген эки сөздөн турат. Демек, телеграф - бул алыскы аралыкка кат жүзүндөгү кабар жеткире турган техникалык түзүлүш. Алгачкы электр телеграф аппараттардын бирин америкалык Сэмюэл Морзе 1937-жылы ойлоп тапкан. Өз телеграфы үчүн атайын алфавит түзгөн. Бул алфавитте тамгалар чекит жана сызыкча менен алмаштырылган. Мисалы, А тамгасы - чекит жана сызыкча, Б тамгасы - сызыкча жана үч чекит, В тамгасы - чекит, сызыкча, эки чекит жана ушул сыяктуулар. Алфавит ойлоп чыгаруунун ысмы менен Морзе коду же азбукасы (Азбука Морзе) деп аталат.

Морзе аппаратынын ордуна эбактан бери эле тамга басуучу аппараттар - телетайптар колдонулат, ал эми Морзе коду азыркы күнгө чейин элге кызмат көрсөтүүдө. Деңизде кырсык болгондо азыр да Морзенин коду менен кабар берилет. Үч чекит, үч сызыкча, үч чекит - бул сигналды жер жүзүндөгү бардык адамдар билет. Морзе аппаратында чекиттер жана сызыкчалар телеграфтык ачкыч аркылуу берилет. Эгер ачкычты бассаң, анда электр батареясынан линияга ток жүрөт. Электр тогу линиянын экинчи учундагы электр Магнитке жетет. Ток электр магнит аркылуу өткөндө, ал учуна дөңгөлөкчө бекитилген рычагды өзүнө тартат.

Дөңгөлөкчө суюк боёкко малынып турат. Телеграфчы ачкычты басканда линия аркылуу ток жүрүп, дөңгөлөкчө тасмага из калтырат. Эгер ачкычты басып, тез коё берсе - чекит, узагыраак басып турса - сызык түшөт. Өткөн кылымдын орто ченинде орус окумуштуусу Б. С. Якоби кагазга дароо эле тамгаларды басып түшүрүүчү телеграф аппаратын ойлоп тапкан. Бирок тамга басуучу аппараттар - телетайптар - биздин гана кылымда почтамтарда, ири гезиттерди чыгаруучу редакцияларда иштей баштады.

Телетайпта ачкыч жок, жазгыч машинаныкындай клавиши бар. Телеграфчы жиберүүчү аппаратта берилүүчү кабардын текстин басат. Ал эми линиянын экинчи учунда кабыл алуучу аппарат электр сигналдарын кабыл алып, аны чечмелейт да жазгыч механизмдин жардамы менен кагазга же тасмага тамгаларды жана сөздөрдү жазат. Бүгүнкү күндө Интернеттин өнүгүшү менен телеграфта зор өзгөрүүлөр болду. Саналуу гана минуттар ичинде электрондук почта (E-mail) аркылуу башка континенттерге кат жөнөтсө болот же кабарлаша алат. Телефон байланышы (факс) аркылуу кабарлар жана сүрөттөлүштөр жиберилет.

Факс Европада 1920-жылдан пайдаланыла баштаган. Андан тышкары кабар берүүнүн башка көптөгөн түрлөрү бар, мисалы: SMS (Кыска Билдирүүлөр Кызматы), кадимки телефон, рация, видео чалуулар жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1157, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу