Тектоникалык жылышуулар

Тектоникалык жылышуулар – тектоникалык кыймылдардан жана тоо тектердин деформацияланышынан жер кыртышында пайда болгон жаракалар аркылуу жылышуулар. Монолитүү тоо массивдеринин жаракалардан эки блокко бөлүнүшү - тектоникалык ажырап бөлүнүш. Ал жылышууларга дуушарланбаган (диаклаз), жылышууларга дуушарланган жарака (параклаз) деп бөлүнөт. Жылышууларга дуушарланбаган жаракалар бардык тоо тектерде кездешет. Анын микро-, ачык, жабылып калган жарака деген түрлөрү бар. Жылышууларга дуушарланган жаракалар эндогендик күчтүн таасири аркылуу тоо тектердин кысылуусунан же чоюлуусунан пайда болуп, анын эки бөлүгү – канаттары, жаракасы – эбинен тайдыргыч, эбинен тайган аралыгы – жылышуунун амплитудасы деп аталат. Жантыгынан жаткан Тектоникалык жылышууларда жараканы жаздана жаткан канат, жаап жатканы асылып турган канат болот. Канаттардын жараканы бойлой горизонталь боюнча жылышы – жандап жылышуу, канаттын бирөө төмөн түшсө, ылдый жылышуу, канаттын бирөө жогору көтөрүлсө, өйдө жылышуу, үстүн жаап калса, үстүнө жылышуу, канаттар бир эле убакта горизонталь же вертикаль багыты боюнча жылса, өйдө-жандап жылышуу деп аталат. Жылышуулардын амплитудасы жүздөгөн кмге чейин жетет. Тектоникалык жылышуулар менен көп учурда жер титирөөлөр байланыштуу. Жаракалар менен жер астындагы эриндилер сыгылып өтүп, тарам тоо тектерди жана ар түрдүү кендерди пайда кылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)