Текст деген эмне

"Текст деген эмне" - негизги ой жана темасы менен бириккен сүйлөмдөр тобу текст деп аталат. Тексттеги сүйлөмдөр мааниси жана тил байланыштары менен байланган (кайталоо, ат атооч, синоним ж.б.) Тема - текстте айтыла турган нерсе жана башында колдонулат. Негизги ой - негизи кеп кылып жаткан нерсеге болгон автордун ою, ошондой эле илимий фактылар. Адабий текстте көбүнчө баалоо маанисине ээ болгон сүйлөмдөр колдонулат. Негизги маанини билдирүү менен автор кадам-артынан кадам шилтеп, бөлүмдөн бөлүмгө өтөт. Жалпы теманын бөлүгүн подтема же микротема деп атайт. Анын айланасында тексттин бөлүгүн түзгөн сүйлөмдөр топтолот, булар абзац деп аталат. Абзац башталышы жана аягы болот. Стилистика, кептин стилин жана андагы тил каражаттарын колдонууну изилдөөчү илим.

Адабий кептин максаты - чындыктын сүрөттөлүш чагылыштыруусу жана окурмандын ойлоруна жана сезимдерине эмоционалдык таасир этүү. Жазуучу сүрөттөлүш менен ой жүгүртөт. Чындыкты анализдеп автор жашоо-тиричиликти сүрөттөлүштөр менен берет, адамдардын образдары, типтүүнү индивидуалдуулукта жана конкреттүүлүктө ачат.

Стилистикалык өзгөчөлүктөр - образдуулук (сөздөрдүн, адабий образдын сүрөттөлүштөрү менен), эмоционалдуулук жана экспрессивдүүлүк (гипербола, метафора, элестетүү). Кептин түрлөрүнүн биригиши мындайча айтканда акталып, автордун ою менен жана негизги ойдун айтылышы менен белгилениши керек.

Кептин стилдери

Илимий стиль

1.Илимий эмгектерде, докладдарда, лекцияларда, китептерде колдонулат.

2.Кептин милдеттери - маалымат берүүчү мүнөздөгү фактыларды билдирүү.

3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:

-Так

-Далилдөөчү + терминдер

-Жалпыланган (бюумдар, нерселер тобу)

-Автордун мамилеси жок

4.Илимий талкулоо көп учурда илимий адабиятта кезигет, ал илимий аныктамадан башталып мындайда кандайдыр бир түшүнүктөр, - бул эмне? деген суроого жооп берүүчү фактылар ачылат.

Иштиктүү же расмий стиль:

1.Негизи ар кандай иш кагаздарында, көрсөтмөлөрдө, нускамаларда, мыйзам чыгаруу документтеринде колдонулат.

2.Кептин милдеттери:

-Адамга бир нерсе жасоого жардамын берүүчү, жашоодогу маалыматтарды билдирүү.

-Так көрсөтмөлөрдү, сунуштарды берүү.

3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:

-Расмий

-Так

-Эмоциасыз

4.Расмий, китеп билдирүүлөрү, этиштен жана сын атооч суффиктеринен негизделген зат атоочтор колдонулат.

Публицистикалык стиль:

(Публицистика - саясаттын жана коомдук жашоонун маселелерин чагылдыруучу адабияттын тармагы)

1.Жашоонун коомдук-саясый тармагында колдонулат: газеталар, журналдар, радио, ТВ. Бул агитаторлордун, пропагандисттердин, журналисттердин жана элдик массага кайрылып жаткандардын кеби.

2.Кептин милдеттери:

-Маалыматты билдирүү

-Коомго таасир берүү

-Коомдук жашоого белгилүү бир мамилени, жарандык позицияны формулировка кылуу.

3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:

-Темасы боюнча учурга, элге кызык болгон

-Жаркыраган, сезимталдуу, чакырык таштоочу

-Ийгиликтүү аталыш

4.Тил каражаттары жана текстти түзүү ыкмалары:

-Окурманга түз кайрылуу

-Сүйлөм байланыштарынын параллелдүү ыкмасы колдонулган текст фрагменттери

-Экспрессивдүү кайталоо жана стандарттык лексика

-Айтуу максаттары жана эмоционалдуу боёктогу сүйлөмдөрдүн ар кандай түрлөрү

-Сүйлөмдөрдүн мүчөлөрүн өз алдынча сүйлөм катары негизги маанилүү оюн ачууга жасалгалоо, көркөмдөө.

-Бул толук эмес сүйлөмдөрдү түзүүдөгү параллелизм.

-Же биримдигисиз, кайталануучу жана биримдиги бир өңчөй мүчөлөрдүн катары

-Китеп жана сүйлөшүү кебинин айкалышуусу

-Баарлашуучуга түз кайрылуу

-Сөздөрдүн тескери ирети (инверсия)

-Риторикалык суроолор

"Текст деген эмне" атту макалабыздагы кептин стилдери ушундай болду, эми бираз тексттеги публицистика жанрларын карайлы.

Публицистика жанрлары. (Жанр - адабий чыгарманын түрү)

1.Белгилер (газетага)

-Кандайдыр бир кызыктуу факт же коомдук жашоодогу окуяга кыскача билдирүү

-Билдирүүнүн максаты - коомдун жашоого көңүлүн буруу, автор атайын өзүн көрсөтпөйт

2.Репортаж (Күбө болгон адамдын кандайдыр бир коомдук окуянын айтып берүүсү)

-Репортаж авторунун милдети: угармандар же окурмандар өзүлөрү көргөндөй кылып айтып берүү

-Кандайдыр бир процесстин процесс катары билдирүүсү

-Автор (инсан) дайыма болуп, окуяга болгон мамилеси дайыма бар (кубаныч, кайгыруу...)

-Репортажды түзүү:

А)Башталыш (болуп өткөн жердин абалынын баяндалышы, айлана-чөйрөнүн абалынын баяндалышы - бардыгы автордун чечиминен көз каранды; динамикалуу (бир түзүмдүү сүйлөмдөр, этиш эмес конструкциялар) же окурманга түз кайрылуудан башталышы мүмкүн)

Б)Борбордук бөлүк (баяндоо кебинин түрү, анткени окуя жөнүндө айтып берүү болуп жатат)

-Этиштердин көптүгү, кыска туюк атоочтуктардын.

В)Аягы (автордун жана окурманды ага алып келүүчү окуяга баа берүүсү, кыска кортунду)

-лексика синтаксистикалык конструкциялардан турат (суроо сүйлөмдөрү же алардын максаты, илептүү сүйлөм, кайрылуулар, кириш сөздөр жана сүйлөмдөр)

-репортаж темасы катары шаар ичине экскурсия болушу мүмкүн: архитектуралык эстеликтер, парктар, көчөлөр, тарыхый жерлер менен таанышуу (кептин түрү - баяндоо + фрагменттер)

3.Макала - түшүндүрүүчү жанр

-макала милдети - кандайдыр бир маанилүү маселеге адамдардын көңүлүн буруу, кайсы бир ойдун адилеттүүлүгүнө же каталыгына аларды ишендирүү.

-Ишендирээрлик, далилдик, автордун жеке позициясы.

-Түзүү: Башталышы - маселени коюуу, борбордук бөлүк - аны ачуу, аргументтер, мисалдар, чечим - кортунду, аягы (композиция репортаждыкындай)

-Бирок: кептин түрү менен - көйгөйлүү макала - бул пикир.

-Пикир ичинде кептин башка түрлөрү болушу мүмкүн (баяндоо, сүрөттөө)

-Негизги ой (тезис) - аргументтер (аргументтер менен тезисти байланыштыруу үчүн союздар, кириш сөздөр колдонулат) - натыйжа (кириш сөздөр)

4.Портреттик очерк.

-Очерк темасы - коомдук-маанилүү факт (окуя - ишитин негизин билүү)

-Очерк каарманы - жашоону өзгөртүүчү, ишке билимин, тажрыйбасын, күчүн берген, жогорку моралдык сапаттарга ээ болгон адам.

-Кеп каармандын иши жөнүндө эмес, анын мүнөзү, кызыгуулары, башка адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө

-Очерк түзүүчү бөлүктөр:

1.Тышкы келбетинин баяндалышы

2.Анын иши, чыгармачылыгы жөнүндөгү баян

3.Биографиясынын башка фактылары

4.Мүнөзү, кеби

5.Каарманда негизгини ачуучу эпизод (бир нече)

Адабий кеп сөздөр менен сүрөт тартуу, сезимдерди окурманга жеткирүү зарыл болсо колдонулат.

Кептин милдети - таасир этүү Авторго образды жаратууга, башка мааниде сөз сүрөтүн тартууга жардам берүүчү конкреттүү сөздөрдү колдонуу; эмоционалдык-баалоо сөздөрү, анда автордун баяндап жаткан нерсесине анын мамилеси ачылат, экспрессивдүү кайталоо, ат атооч, синонимдер.

Баяндоо - кеп бир убакта болуучу белгилер жөнүндө

Аңгеме түрүндө айтуу - иш-аракеттердин тартиптүүлүгү

Ой-пикир - касиеттердин жана кубулуштардын себептери жөнүндө айтылат.

Мына достор "текст деген эмне" аттуу суроого жооп берүүгө кичине болсо да аракет кылдык. Керектүү маалымат болот деп макаланы жаздык. Ой-пикир, сын-пикирлер болсо тартынбаңыз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)