Тегеренме араалуу станок

Тегеренме араалуу станок, стадионардык циркулярдуу араа – жыгач, металл ж. б. материалдарды узунунан, туурасынан жана бурч боюнча аралоочу станок. Анын кесүүчү аспабы – тегерек араа (циркулярдуу араа). Тегеренме араалуу станоктун негизги элементтери: станина, араа валы, ток берүүчү механизм, араа валын иштеткич. Ал бир дисктүү же көп дисктүү болот. Араалануучу материал кол менен же автоматтык түрдө берилет. Тегеренме араалуу станокто көбүнчө жука (ичке) сырьёлор арааланып, даярдалат. Башка станокторго караганда конструкциясысы жөнөкөй, өндүрүмдүү жана энергия аз сарпталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)