Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Театрлаштыруу

Театрлаштыруу - адабий чыгарманы (эпикалык, лирикалык тектеги) сахнада коюуга, ролдоштуруп көрсөтүүгө ылайыктоо.(Ж. Щериев, А. Муратов Адабият терминдери)

Ош областында театр өнөрүнүн келип чыгышы бул аймакты эзелтен мекендеген элдердин – кыргыз, өзбек, тажик, уйгурлардын жана кийинчерээк көчүп келишкен орус, дунган ж. б. улуттардын чыгармачылыгына барып такалат. Элдик майрамдардагы оюн-щооктордо, ырчы, музыканттардын чыгармачылыгында, ырым-жырым, эмгек ж. б. салт ырларын аткарганда театрлаштыруунун элементтери кошо жүргөн. Көчмөн жана отурукташкан калктардын эл чыгармачылыгы бири-бирине таасир тийгизген, ошол эле учурда өз алдынчылыгын, өзгөчөлүгүн сактап калган. Кыргыздын ырчы, манасчылары, куудул, шайырлары эл алдында чыгып өнөр көрсөткөндө тигил же бул каарманды туурап, элестетүүгө аракеттенишкен, алардын маанайын, окуя өтүп жаткан жагдайды толук берүү үчүн мимиканы, жаңдоо-ымдоолорду колдонушкан. Улуу Октябрь революциясына чейин жергиликтүү элдерде профессионал театр болгон эмес. Буга ислам жана элдин көчмөн турмушу себепкер. Россияга кошулгандан кийин Ош аймагында орус театр маданияты аздап болсо да өнүгө баштаган. 19- кылымдын аягынан тартып бул жакка Борбордук Россиядан жана Түркстан крайындагы чоң шаарлардан профессионал театрлардын труппалары гастролго келе баштаган. Алардын репертуары негизинен А. Н. Островский, А. П. Чехов, Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев жана башкалардын драмалык чыгармаларынан турган. 1877-ж. Ош шаарындагы 4-Түркстан линиялык батальонунун аскердик жыйынынын карамагында сахна өнөрүнө ышкыбоздордун ийрими түзүлгөн. Ийримди Н. П. Гамов жетектеген. 1877-ж. 26-декабрда алар алгачкы спектаклдерин (<,<, Адамдар соту – кудай соту эмес>,>, драмасын жана <,<, Тектүү үй бүлөдөгү жаңжал>,>, водевилин) коюшкан. Кийинки жылдарда алар А. Н. Островскийдин <,<, Кедейлик кемтик эмес>,>,, <,<, Элестүү жерде>,>,,<,<, Токой>,>,, <,<, Кирешелүү орун>,>, пьесаларын, А. П. Чеховдун <,<, Кол суроо>,>, водевилин аткарышкан. Спектаклдер шаардык паркта же казармада коюлуп, аларга көп адам келген.

Улуу Октябрдын жеңиши Ош аймагында жаңы типтеги демократиялык театрдын, б. а. эмгекчи элдин жашоо-турмушу жана күрөшү менен тыгыз байланышкан театр өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө жол ачты. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында өз демилгелүү чыгармачыл коллективдер пайда болду.

Ышкыбоздордон турган театр коллективинин негизинде 1929-ж. Ошто Өзбек музыкалуу драма театрынын түзүлүшү областтын маданий турмушундагы чоң окуя болгон. 1932-ж. бул театр профессионал театрга айландырылды. Жаш артисттер калк арасында үгүт - насыят иштерин жүргүзүшүп, өз өнөрлөрү менен тап душмандарга каршы, социализм үчүн күрөшүшкөн. Бул театрга эң алгач артист болуп кирген өзбек кызы Т. Хасанова эле. 1937-ж. театрга С. М. Кировдун ысымы берилген.

1972-ж. Ош кыргыз драма театрынын ачылышы областта гана эмес республикада театр өнөрүн өнүктүрүүдөгү илгери кадам болду. Анын труппасынын өзөгүн А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр институтунун кыргыз студиясын бүтүп келгендер түздү. Түзүлгөндөн бери театрда 60тай пьеса коюлду. Алардын ичинде А. Токомбаевдин <,<, Таң алдында>,>,, К. Жантөшевдин <,<, Курманбек>,>,, Ч. Айтматовдун <,<, Ак кеме>,>, ,<,<, Фудзиямада кадыр түн>,>,, <,<, Көздөн учкан көк жээк>,>,, М. Горькийдин <,<, Түпкүрдө>,>,, Н. В. Гоголдун <,<, Текшерүүчү>,>,, Н. А. Островскийдин <,<, Болот кантип курчуду>,>,, М. Гапаровдун <,<, Күнөстүү арал>,>,, М. Байжиевдин <,<, Байыркы жомок>,>,, Б. Жакиевдин <,<, Жолугушуу>,>,, М. Ауезовдун <,<, Кара көз>,>,, У. Шекспирдин <,<, Он экинчи түн>,>,, <,<, Гамлет>,>, пьесалары бар.

Булак: Ош энциклопедиясы Фрунзе 1991

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)