Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тазалык — гигиенанын биринчи эрежеси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тазалык — гигиенанын биринчи эрежеси

Гигиена - ден соолукту сактоо жана чыңдоо жөнүндөгү илим. Бул илим өнүккөн сайын саламаттыкты сактоодо көп аныктамалар бар экендигин адам баласы билип жатат, мисалы, убагы менен туура тамактануу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу, спортко машыгуу ж. б. Бирок ден-соолукта болуунун биринчи эрежеси өзүнүн денесинин, кийиминин, идишинин, турак жайынын, үйдөгү эмеректеринин ж. б. колдонулуучу нерселердин тазалыгы экендиги адамзаты эзелтеден бери эле билген. Ыплас, кир шарттарда микробдор тез көбөйүп өөрчүшөт. Микробдор же микроорганизмдер өзүнүн атын (“микро”) “кичинекей” деген сөздөн алышкан, себеби аларды микроскоптун жардамы менен көрсө болот. Жандуу жаратылыштын бул тобун вирустар, бактериялар жана козу карындардын айрымдары түзөт. Алардын арасында ооруларды козгоочу микробдор аз эмес, мисалы сасык тумоонун козгогучтары - вирустар, ич өткөктүкү, кызамыктыкы - бактериялар. Ооруну козгобогон учурларда да өзүнүн тиричилигинде микробдор зыяндуу, уулуу заттарды бөлүп чыгып, ден - соолукту бузушат. Тазалыктын негизги шарты - суу. Эбактан бери тазалыктын маанисин билген Байыркы Египеттин эли эртең менен кечинде, тамактанаардын астында, тамак ичкенден кийин, кечинде денесин жуушчу. Байыркы Кытайда эртең менен үйдү, короону шыпырып, үйдүн ичин желеден тазалашчу.

Кытайлыктардын ою боюнча тазалык ден-соолукка пайдалуу болгону менен бирге адамдын көңүлүн ачат. Ошол себептен алар үйгө кирээрде бутун жууп киришчү, таң атканда жүзүн жууп, оозун чайкап, кечке чейин жок дегенде 5 жолу колун жууганга милдеттүү болушчу. Мындан башка 3 күндө бир башын жууп, 5 күндө бир кириниши тийиш эле. Самынды билбеген байыркы кылымдарда жашаган эл ар кандай нерселерди колдонушчу. Мисалы, Египеттин эли денесин кум менен сүрүп сууга содага окшогон кошулмаларды кошчу. Кытайда болсо көбүнчө өсүмдүктөрдү кеңири колдонушчу.

Кыргыздар болсо денесин тазалыкка кармаш үчүн ак чопону колдонгон. Самынды биринчилерден Жер Ортолук деңиздин жээктеринде жашаган элдер жасашкан. Оттун үстүндө шиште бышкан эттин майы ысык чокко түшкөндө көбүргөнүн байкаган адам ошол нерсени алып, колуна сүрсө кол көө-кирден тазаланып, агарганын көрөт. Ошондон баштап эчкинин майынан жана жыгачтын күлүнөн самын жасалат. Биринчилерден самынды Францияда, Италияда, Испанияда жана Грецияда колдоно башташат. Ал эми Англияда самын жөнүндөгү маалымат биздин доорго чейинки 10-кылымдан бери белгилүү. Самындын саламаттыкты сактаганга түздөн-түз тиешеси бар экенин биздин замандын илимпоздору далилдешкен.

Суу менен гана жуунганда денеден 20 миллионго жакын микробдор, самынданып кирингенде бир нече миллиард микробдор жуулуп кетет экен. Аз дегенде биздин күндөрдө ар бир киши 10 кг самын керектейт. Ошентип суусуз жана самынсыз тазалык болбойт, тазалык болсо ден-соолуктун сакталышынын биринчи эрежеси.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 14447, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу