Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Тазабеков Эркинбек

Тазабеков Эркинбек (1946–2003) - акын, котормочу. 1946-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1969-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясында кабарчы болуп иштеген.

1976-жылы «Айыл жаштарынын ойлору жана иштери» деген китеби жарыкка чыккан. Ал Р. Гамзатовдун, О. Сулеймановдун, Е. Евтушенконун, Африканын поэзияларын кыргыз тилине которгон.

Э. Тазабеков кыргыз радио берүүсүнүн тарыхында биринчи болуп «үзүлбө менин үмүтүм» радио берүү сериалын жазган. Анын көп ырларына музыкалар жазылган.

1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери

Айылдык жаштардын ойлору жана иштери. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 36 б.

Чагылгандуу жаштык. – Ф.: Мектеп, 1978. – 84 б.

Булуттуу кеч: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 71 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)