Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Тастыктама (сертификат)

Тастыктама (сертификат) (фр. certificat , орто кылымдагы лат. certified – күбөлөндүрөм) – 1) белгилүү бир фактыны күбөлөндүрө турган жазуу жүзүндөгү күбөлүк (кеменин деңизде жүрүүсү жөнүндөгү Т., деңизде жүк ташуу Т., эмдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү Т.), 2) мамлекеттик органдардын зайымдык каржы милдеттенмеси, ал адатта анча чоң эмес акчада чыгарылып, майда жана орто ээликтештердин арасына жайгаштырылат, ошондой эле кредиттик уюмдарга салымдардын чегерилгендигин ырастай турган документ (м.: аманат (депозиттик) Т.), 3) камсыздандыруу Т., ал камсыздандыруу келишиминин шарттарын камтып, камсыздандыруу полисин алмаштырат, 4) тышкы иштерде – соода-өнөржай палатасы, лабораториялар же тастыктоо кат борборлору тарабынан берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)