Тасмания

Тасмания – Австралиянын түштүк-чыгыш жээгиндеги арал. Материктен Басс кысыгы менен бөлүнүп турат. Жанаша жаткан аралдар менен бирге Австралия штатын түзөт. Аянты 68 миң чарчы/чакырым. Калкы 512,0 миң (2011). Көбү – англис-австралиялыктар. Административдик борбору – Хобарт шаары Арал структурасы боюнча Австралиядагы Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосунун уландысы. Рельефинде бири-биринен ажыраган платолор жана жалпак тоолор басымдуу, (бийиктиги 1617 мге чейин, Осса чокусу). Кен байлыктары: полиметалл жана темир кен таштары, калай, жез, алтын ж. б. Жээги булуң-буйткалуу (Маккуори, Сторм, Грейт-Ойстер ж. б.). Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө мелүүн нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Ири дарыялары – Теймар-Макуори, Деруэнт. Аралдын аянтынын 44%ин нымдуу токой, 21%ин улуттук парктар ээлейт. Түштүк-батышын түнт эвкалипт жана ийне жалбырактуу токой, жыгач сымал папоротник, альп өсүмдүктөрү, борбордук жана түштүк - чыгышын нымдуу склерофиль эвкалипт токою, шалбаа жана мамык чөптүү саз ээлейт. Жаныбарларынын көбү – эндемиктер. Аралды 1642-жылы голланд. деңиз саякатчысы А. Тасман ачкан. 1856-жылдан, Британия ээлиги деп жарыялангандан бери, ушул аталышында. 1901-жылдын 1-январынан Австралиянын Тасмания штаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)