Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ташым Байжиев (1909-1952)

Баш барак | Биографиялар | Ташым Байжиев (1909-1952)
src="/uploads/bio/tashym-baijiev.jpg" alt="Ташым Байжиев (1909-1952)" align="left" width="200" height="281" class="alignleft"/>Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, фольклорчу, котормочу жана жазуучу Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районуна караштуу Тепке айылында туулган. 1925-жылы Ташкенттеги эл агартуу институтунун даярдоо курсунан Пишпекте ачылган педтехникумга келип, аны 1930-жылы бүткөн. 1930-1931-жылы Алайдын борбору Гүлчөдөгү балдар үйүнүн директору, Жалал- Абаддагы педтехникумдун бөлүм башчысы болуп иштеген.

1940-жылы борбор калаабыздагы мамлекеттик пединституттун орус тили жана адабият бөлүмүн аяктап, тарых жана адабият институтунун Манас бөлүмүн жетектеген. 1942-жылы өз каалоосу менен согушка суранып кетип, 1944-жылы жарадар болуп, Мекенине кайтат. 1944-1950-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясынын Манас жана фольклор секторунда илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеген.

Анын чыгармачылыгы 1927-1928-жылдары башталган. Турмуш чөлүндө аттуу повестинде 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө жазган. Чыгармасына өз учурунда жакшы пикирлер айтылган, бирок тилекке каршы ал чыгармасы жоголуп кетип, жарыяланбай калган. 1928-жылы Жаны маданият жолунда журналына Суу боюнда деген аңгемеси жарыяланып, ага удаалаш эле Сен кимсин?, Досум, Кытмыр өлдү, Күрөө, Төр-Сууда сыяктуу чакан аңгеме-повесттери жана 1944-жылы Жигиттер аттуу пьесасы Советтик Кыргызстан журналына басылган.

1930-1940-жылдардын аралыгында өзүнүн чыгармачылык күчүн көбүнчө сын, адабият таануу жана тил илимине жумшап, Зыяш Бектенов экөө биргелешип Эне тил (1933), Кыргыз тили (1935), Биздин адабият (5,8-класстары үчүн, 1941,1949) окуу китептерин жазышкан. Манас, Семетей эпостору тууралуу жана алардын тилдик түзүлүшү жөнүндө илимий жана сын макалаларды жазган.

Ташым Байжиевдин котормосу боюнча А.Треневдин Любовь Яроваясы, А. Островскийдин Сепсиз кызы коюлган. Орус элинин классик жазуучулары И. Тургеневдин, Л. Толстойдун, Д. Фурмановдун, А. Фадеевдин жана башкалардын чыгармаларын кыргызча которуп, окурмандарына тартуулаган. Өзүнүн Кытмыр өлдү деген чыгармасы орус тилине которулган. Кыргыз мектептеринин тарыхында Т. Байжиевдин унутулгус төрт учуру
болгон:
1-учур-1930-жыл. Кыргыз эли араб алфавитинен латын алфавитине өткөн мезгил.
2-учур-1933-жыл. Кыргыз мектептерине эне тилден туруктуу окуу китептерин түзгөн мезгил.
3-учур-1940-жыл. Бүткүл союзда жана республикада (Родная литература) Биздин адабият аттуу окуу китептеринин түзүлүшү.
4-учур-1947-жыл. Кыргыз орто мектептеринде адабият боюнча биринчи окуу китеби жазылган убак. Ал жылдары Т. Байжиев алгачкы авторлордон болгон.

1950-жылы репрессиянын капшабына дуушар болуп, 1955-жылы акталган. Ал эми 1952-жылы 2-февралда дүйнөдөн кайткан.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 873, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу