Ташполотов Ысламидин

Ташполотов Ысламидин 26.6. 1954-жылы туулган, (Жалал-Абад областы, Фрунзе району (азыркы Баткен областы, Кадамжай району), Кызыл-Булак айылы – математик, физика-математика илимдеринин доктору (2007), профессор (2006). ОМПИ (1975), М. В. Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасын (1981) бүтүргөн. ОМПИде улук лаборант (1975–77), ММУда окутуучу (1977–78), ФПИде окутуучу, илимий кызматкер (1978–84), ФПИнин Ош факультетинде (филиалында) улук окутуучу (1984-90), Л. Я. Карпов атындагы ИИИде илимий кызматкер (Москва) (1990–91), Ош ТУда декан (1991–95), ОшТУнун Кызыл-Кыя филиалынын директору (1995–2002), ОшТУда Сырткы байланыш департаментинин жетекчиси (2002), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Нефть, газ жана энергетика институтунун ректору (2002–03), ОшМУ энергия ресурстары жана коммуникация технологиялары институтунун директору (2003–05), ОшМУда декан (2006-07), 2007-жылдан Бишкек финансы-экономикалык академиясында проректор. Суюктук, газ жана плазма механикасы боюнча адис. 130дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 5 автордук күбөлүктүн ээси. Эмгектери: Самоорганизация фрактальных конденсированных систем (в соавторстве). Б., 2004, Получение технического кремния из органических сырьевых ресурсов методом хлорирования (в соавторстве). Б., 2002.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)