Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ташматова Гүлмира

Ташматова, Гүлмира – театр жана кино артисти.

Гүлмира 1981-жылы айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өтөт.

1983-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирет.
Театрда эки жыл чамасында эмгектенген соң 1985-жылы Москва шаарындагы Малый театрдын М. С. Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына "Театр жана киноактеру" бөлүмүнө өтөт.
1989-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап келип, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кайрадан жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жекткинчектер театрына (ТЮЗ) кабыл алынат.
Чейрек кылымдык чыгармачылык таржымалынын ичинде Гүлмира кыргыз театрындагы өз орду, өз жүзү бар көрүнүктүү артисттердин бири болуп чыга келди.
Ал комедиядан тартып бийик драмага чейинки түрдүү диапозондогу образдарды кондициясына жеткире чыгарган көп кырдуу таланттардын катарынан орун алды.
Ошол эле учурда Гүлмира Ташматовасыз азыркы кыргыздын улуттук киносуна барандуу салым кошуп, алгачкы эле киноролунан тартып көрүүчүлөргө таланттуу киноактриса катары таанылды.
Гүлмиранын театрдагы бир кыйлалаган ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары "Талант жана тагдыр" (авт. Ж. Кулмамбетов) драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот.
Актриса жараткан бул образ жалпы эле кыргыз сахна өнөрүнүн бийиктигин аныктаган көркөм чыгармачылык туундулардын катарына кирет.
Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына "Кандуу сүйүү" фильминдеги Кара кийинчен аял, "Чыңгыз менен Бүбүсайрадагы" Алмакан, "Жаралнган турналардагы" Зууракан, "Токолдор тополоңундагы" Бурулай, "Кыз жигиттеги" Нуркамалдарды кошуу абзел.

ж. б.







Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)