Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таш көмүр

Таш көмүр — катуу таш түрүндөгү күйүүчү пайдалуу кен, тек жана отун. Көмүртектин камтылышы боюнча күрөң көмүр менен антрациттин ортосунда (Жалпы көмүр макаласын караңыз).

Кара, кээде боз-кара түстөгү тыгыз тек. Жалтырактыгы чайыр же металл өңдүү. Таш көмүрдүн органикалык затында 75—92% көмүртек, 2,5—5,7% суутек, 1,5—15% кычкылтек бар. Учма заттар — 2—48%. Нымдуулугу 1—12%. Жогоркуу күйүү жылуулугу кургак күлсүз абалында эсептегенде 30,5—36,8 МДж/кг. Таш көмүр гумолиттерге таандык; сапропелиттер жана гумитосапропелиттер линза жана анча чоң эмес катмар түрүндө камтылган.

Көп миллион жыл мурда азыркы шаарлардын, талаалардын, бизге тааныш токойлордун: карагай, ак кайың, арча жана эмендин ордунда аябаган зор өзгөчө тукумдагы дарактар өскөн. Ал кезде жер шарынын климаты нымдуу жана жылуу болгон. Саздак жерлерде чөп коюу болуп, бутак-шактуу барпайган дарактар өсүп турган.

Куураган дарактар сазга жыгылып, ордуна жаш дарактар өсүп чыккан. Картайганда алар да кулап, муруңкуларды басып калган. Акырындык менен дарактардын чириген калдыгы катмар-катмар болуп жыйыла берип, дарыялар агызып келген чөгүндү менен кумга көмүлүп калат. Миллиондогон жылдар бою жылуу жер астында аба кирбей тапталып жаткандыктан, дарактардын калдыктары акырындык менен таш көмүргө айланган. Таш көмүрдү күн консервасы деп да аташат. Күн байыркы өсүмдүктөргө өз энергиясын берген.

Өсүмдүк болсо бул энергиянын жардамы менен жөнөкөй заттардан — суудан, көмүр кычкыл газдан жана минералдык туздардан татаал заттарды, өздөрүнүн тирүү денесин түзүп алышкан. Жүз миллиондогон жылдар бою таш көмүр жер катмарында жаткан. Азыр гана биз аны жакканыбызда жылуулук бөлүп чыгарып, илгери-илгери өсүмдүктөр өзүнө жыйнаган энергиясын бизге берип жатат. Таш көмүр — эң сонун отун. Ал жыгач отунга караганда жылуулукту көп берет. Таш көмүр отун эле эмес, ал пайдалуу химиялык чийки зат.

Андан көптөгөн керектүү өндүрүмдөр, анын ичинде полимерлер менен дарылар алынат. Үй жылытуу үчүн таш көмүр алууну кааласаңыз көмүр алуудагы кеңештер, ошондой эле жалпы көмүр жөнүндөгү макалаларды сунуштайбыз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 838, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо