Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ташбака жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ташбака жонундо маалымат

Ташбака деген эмне? Келгиле ташбака жонундо маалымат билип алалы. Ташбаканы башка айбанаттардан анын калканы айырмалап турат. Бирок бардык эле ташбакалар бирдей эмес. Кээ бир ташбакалар кургакта гана жашайт, айрымдарынын тиричилиги суу менен тыгыз байланышкан. Сууда жашаган ташбакалар тузсуз сууда жана деңизде жашоочулар деп бөлүнөт. Кургакта жашаган колжогой, кыбырап араң жылган ташбакалардан айырмаланып, алардын көпчүлүгү сууда шамдагай, ыкчам, мыкты сүзүшөт. Кенедей ташбакалар да, салмагы 400 кгга жеткен гигант - пил ташбакалар да кезигет. Азыр ташбаканын 250дөй түрү белгилүү. Алардын дээрлик бардыгы чөп менен азыктанып, жылуу жерлерде жашашат. Ургаачылары чуңкурчага жумуртка таштап, көөмп коёт да, ошол бойдон өз тукуму жөнүндө эч кам көрбөйт.

Жумурткадан чыккан кичинекей ташбакалар дароо эле өз алдынча жашоого өтөт. Адегенде алар тез өсөт, кийин өсүүсү акырындайт, бирок кызыгы, ташбака өмүр бою өсө берет. Алар узак, айрым түрлөрү 100 жылдан ашуун жашайт. Калканын бир да жолу алмаштырбайт. Бирок ташбаканын баары эле карыганча жашай албайт, көбү калканы ката электе өлүмгө учурайт. Калканы чоңдорун деле дайыма кырсыктан сактап кала албайт - жырткыч куштар менен айбандар аны калкандын ичинен да жегенди билишет. Адамдар да ташбаканы жок кылышат: калканынан түрдүү буюм жасашат, ал эми жумурткасы менен этинен көп өлкөлөрдө чүйгүн тамак бышырышат.

Ташбакаларды көбүнчө террариумда багышат. Аны колдо багуу кыйын деле эмес, бирок жакшылап азыгын бербесе, ооруп же өлүп калышы ыктымал.

[ushka=seredina]

Ташбака канча жыл жашайт?
Көп эле адамдардан уксанар керек, ташбака көп жашайт деп, чындыгында бул андай эмес. Бир гана Галапагосс аралдарынын гигант ташбакасы 200 жылдай жашайт. Ал эми калган-каткан башка ташбакалардын орточо статистикалык жашоо узактыгы 20-30 жылды гана түзөт. Чоң ташбакалар эмне учун коп жашайт? Бул алардын зат алмашуусу менен байланыштуу. Зат алмашуу булардыкы өтө жай болгонуна байланыштуу алар эч нерсе жебей, суу ичпей бир нече айдан, эки жылга чейин жүрө алат. Таң калыштуу, бирок бул илим тарабынан аныкталган факт. Ал эми ташбакалардын жер планетасында жашаганына болсо 220 миллиондой жыл болгон. Бул жандыктар динозаврлар пайда боло электе эле жашаган деген гипотеза бар.

Ташбака эмне жейт?
Кургакта жүрүүчү ташбакалар негизинен чөп-чаар менен тамактанат, ошондуктан аны капустанын жалбырактары, ашкабактын сулпусу, салат жалбырактары, алма, дарбыз, коон, каакым жылбарактары, сууга бышкан жумуртка жана башкаларды жей берет. Кээде эт жеген түрлөрү дагы кездешет. Сууну дагы булар ар кандай ичет. Кээ бирлери 1 айда бир суу ичсе, кээ бирлерине жумасына 2 жолу суу ичүү талап кылынат. Кышкысын аюулар сыяктуу кышкы уйкуга киришет. Бирок эгер кургакта жүрүүчү ташбаканы үйдө багып жатсаныз, жана үй жылуу болсо, ал уктабай жүрө берет, болгону кичине аз кыймылда болот.

Сууда сүзүүчү ташбакалар негизинген деңиз өсүмдүктөрү, майда балыктар, медузалар, рак сымалдуулар, молюскалар жана башкалар менен азыктанат.

Ташбака жумурткасы
Формасы боюнча тоголок келип, көбүнчө ак түстө болот. Сырткы кабыгы жумшак болот. Орточо салмагы 35 граммды түзөт. Жумуртканын агы түссүз өңдө, сарысынын түсү болсо ачык сарыдан чыңкый ачык сарыга чейин. Ташбаканын жумурткасы абдан пайдалуу. Сарысында А, Е, D витамини бар. Ошондой эле В тобундагы витаминдер дагы бар. Минералдар жонундо айтсак: темир, магний, кальций, белок. Кургакта жүрүүчү ташбакалар жумурткаларын каалаган жерге эле тууй берет, негизинен чөптөрдүн арасы, көлөкө жерлер, анча чоң эмес чуңкурлар. Сууда жүрүүчү ташбакалар болсо көбүнчө кумга тууп аны көөмп коет.

Ташбака кайда жашайт?
Суу ташбакалар деңиздин жана океандардын жылуу сууларында жашайт. Кургакта жашоочу ташбакалар Түштүк Европа, Азия (анын ичинде Кыргызстан), Африка, Америка, Австралияда жашайт, негизинен саванналарда, талааларда, чөлдөрдө, тоолордун этектеринде.

Ташбака туру
Башында айтып өткөндөй ташбаканын 250дөй түрү бар, негизинен жерде сойлоп жүрүүчүлөр түрүнө кирет (reptillia). Бардык түрлөрүн бул жакка жазып отуруунун кажети жок го. Бирок эң көп кездешкен түрлөрүн жазып коелу:

Ташбака жонундо кызыктуу фактылар:

Ташбака тууралуу маалыматыбыз ушундай, пикирлер же суроолорду пикир жазуу формасына жазыныз.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-07-19, Көрүүлөр: 17377, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-05-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу