Таш өтүк

Апенди өтүк ултарчу экен. Бир манап келип, ага: - Мага таштан өтүк ултарып бер, бир тепкенде малайды өлтүрө тепкидей болоюн, - дейт. - Макул, - дейт анда Апенди, - ултарса ултарып берейин, бирок көп кум керек, көбүрөөк кум жеткиртиңиз. - Кумдун кереги эмне? - Кереги эмне дегениңиз кандай! Өтүгүңүздүн кончун ичтебейминби. - Макоо!

Кум менен да өтүктү ичтечү беле? - Таштан өтүк ултарылса, кум кантип ичтегенге жарабасын? - дептир анда Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)