Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тарыхый жанр

Тарыхый жанр – өткөн замандын жана азыркы мезгилдин коомдук турмушундагы конкреттүү тарыхый окуяларды жана адамдарды сүрөттөөгө арналган көркөм искусствонун бир тармагы. Тарыхый жанрга тарыхый пейзаж менен тарыхый портрет да кирет. Т. ж. термини айрыкча живописте көп колдонулат. Кайра жаралуу доорунда өз алдынча жанр катары калыптануу менен Т. ж. кеңири өнүгүүсүн XIX кылымдын көркөм искусствосунда өөрчүтө алды. XVII–XIX кылымдагы академиялык эстетикалык ой-пикирлер (көз караштар), эреже катары, Т. ж-дын темасынын антик тарыхы, андан сырткары антик мифологиясы менен христиандык диний уламыштардын темалары менен гана чектелген, академиялык багыттагы сүрөтчүлөр кадыресе, тарыхый темаларды идеалисттик жалган позицияда түшүндүрмөлөшкөн. Т. ж. көп мезгилге чейин реализмден алыс, көркөм сүрөт искусствосунун шарттуу түшүндүрүлгөн, официалдуу жанры болуп кала берген. Бирок өткөн мезгилдин көркөм искусствосунун улуу чеберлери (мисалы, Ф. Гойя, Э. Делакруа, А. А. Иванов) расмий эстетиканын бул жанрды кууш маниде кабыл алышын жеңип чыгышып, өздөрүнүн тарыхый чыгармаларын чыныгы тарыхый пафос менен чыкташкан жана аларда маанилүү коомдук суроолорду кое алышкан, ошону менен бирге элдин тарыхый турмушундагы кээ бир маңыздуу жактарын ачык-айкын чагылдыра алышкан. Т. ж-дын өнүгүүсүндө көп прогрессивдүү романтиктердин ролу (айрыкча Э. Делакруаныкы) эң орчундуу, к. Романтизм макаласын. Романтиктер Т. ж-га тарыхый окуянын кырдаалын ачык, даана түзүүнү камсыз кылган терең драматизм ноталарын киргизишкен. Ушул эле учурда Т. ж-га заманбап темалар улам көбүрөөк кире баштаган. Реалисттик Т. ж-дын өнүгүүсүндө улуу орус реалист-сүрөтчүсү В. И. Суриковдун ролу абдан зор. Ал «Аткычтарды дарга асуу таңы», «Боярыня Морозова», «Ермактын Сибирди багынтышы» сүрөттөрүнүн автору. В. И. Суриков орус элин анын тарыхынын кайгылуу, өзгөрүш учурларында барып турган чеберчилик жана берилгендик менен сүрөттөй алган. Биринчи жолу сүрөтчү ээрчиме, «жыйылган калың топтун» фонунда идеялдуу тарыхый «каарманды» сүрөттөгөн традициялык ыкманы чечкиндүү четке кагып, элди тарыхый өнүгүүнүн чыныгы кыймылдаткыч күчү катары даңазалап көрсөткөн. В. В. Васнецов («Игорь Святославовичтин половецтер менен болгон салгылашуусунан кийин», «Падыша Иван Васильевич Грозный», «Таш кылымы» жана башкалар), В. Верещагин, И. Репин жана башка көрүнүктүү тарыхый живописчилерден болушкан. Т. ж-дын башка бир түрү болуп «тарыхый революциялык жанр» аталган. Бул жанрдын чеберлери И. Бродский, Б. Иогансон, В. Серов болушкан. сов. живопись мурунку өткөн замандын тарыхый сюжеттери менен темаларын сүрөттөгөн. 1812-жылдагы согушту, улуу патриоттук окуя катары Куликов салгылашуусун жана башка сүрөттөгөн эмгектери чоң орунду ээлейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)