Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тарбиялык таасирлердин курактык өзгөчөлүктөрү

Ымыркай мезгилдеги тарбиялык таасирлердин алгачкы бүчүрлөрү балалык курактын бардык учурунда өнүмүн бере берет. Балалыктын эрте жаш курагында инсандык өнүгүүнүн алгачкы жемиштери адамдын бүтүндөй өмүрүнө таасир этет. Индивиддеги инсандык калыптануунун башаты балалык куракка тиешелүү экендигин Л. С. Выготский өз эмгектеринде билдирет. Ымыркай курактагы тарбиялык таасирлер ата-эненин социалдык багытына көз каранды, алардын баланы тарбиялоого болгон мамилесине жана баарлашуусуна карай таасирленет. Тарбиялоо эненин бала менен болгон эмоциионалдык баарлашуудан башталат. Алардын алгачкы айлардагы баарлашуусу баланын кийинки инсандык өнүгүүсүн аныктайт.

Эмоционалдык өз ара мамилешүү аркылуу чоң адам ымыркайга көптөгөн сапаттарын өткөзүп берет. Бул инсандык сапаттар эрте жаш курактан баштап эле баланын мүнөзүн, адамдар менен баарлашуу стилин, башка адамдар менен болгон өз ара мамилелешүүсүн жана кийинки инсандык өнүгүүсүн аныктайт. Ымыркай курактын экинчи жарымында балдарда чоңдорго үйүр алып калып, андан алыс кеткиси келбей, жакындык сапаты белгилене баштайт. Ымыркай үчүн эң жакын болгон адам башкаларга караганда тарбиялык таасир берүүгө мүмкүнчүлүгү көп. Андай адамдын жанында бала бейкапар, эркин сезет жана коркуу сезими азыраак байкалат.

Оң эмоция менен кайрылган чоңдорго бул курактагы балдарда психологиялык жакындыгы, үйүр алуусу тереңирээк. Баланы алгачкы мезгилдерден баштап эле тариптүүлүккө, тыкандыкка активдүү үйрөтүү зарыл. Бул сапаттарга эртерээк ээ болуусу келечекте көптөгөн пайдалуу инсандык сапаттардын өнүгүүсүнө мүмкүндук тузүлөт. Эрте жаш куракта айрым инсандык сапаттардын калыптануусунун сензитивдүүлүгү байкалат, бул өзүн өзү баалоо, ийгиликтерге жетүүгө болгон керектөө, өз алдынчалуулук, инициативдүүлүк, чынчылдык, талаптануу деңгээли.

Үч жаш чамасында өзүн башка адамдар менен салыштыруунун негизинде көп балдар өзүн өзү баалай алышат. Өзүн өзү баалоосу туура боло турган болсо, башкача айтканда баладагы оң же терс инсандык сапаттардын реалдуу болуусу, анын өнүгүүсүн тездетет, жогорулатат. Чоңдордун тарбиялык таасири астында өзүн өзү баалоосу туура келбеген учурлар баланын өнүгүүсүн начарлатат. Эрте жаш куракта баланын өзүн өзү баалоосу чоңдордун баалаганына карай калыптанат, ошондуктан ата-энелер, тарбиячылар туура баалоону унутушпаса.

Баланын башка адамдарды жана өзүн баалоосу тууралыгына чоңдор көз салуулары керек. Ийгиликке жетүү керектөөсү инсандык сапат катары түрдүү маселелерди чечүүдө баланын аракеттенүүсүн аныктайт. Д. Макклелланд (74) балдардагы ийгиликке жетүү керектөөсүнүн өнүгүүсүндө тарбия системасы менен мамилелешүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктаган.

Ал балдардагы эрте курактан баштап өз алдынчалуулуктун жанажоопкерчшшктүүлүктүн калыптануусу, ийгиликке жетүүгө болгон умтулуусунун өнүгүүсү мамлекеттин социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрү менен байланышта экендигин белгилейт. Тарбиялоонун бул өзгөчөлүгү келечекте өзүнүн өлкөсүнүн экономикасын өнүктүргөн, кесиптик эмгегинде жакшы сапаттарды көрсөткөн инсанды берет. Балдардын ийгшшкке жетүү мотивдеринин өнүгүүсүнө тиешелүү деңгээлде татаал, бирок чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар, маселелерди аткаруу түрткү боло алат.

Баланын ийгиликке жетээрине ишеними, ийгшшкке алып келүүчү кыймыл-аракеттердин планын жана программасын түзүп ишке ашыра билүүсү, аракеттеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алып, аны пайдалануусу ийгиликке жетүү мотивин күчөтөт. Эң негизгиси эрте жаш курактагы бала өзүндөгү жетишкендиктеринин жана жол болбоолорунун себептерин көрө билүүнү, өзүнун активдүүлүгүнүн жана пассивдуүлүгүнүн деңгээлин ченей билүүнү үйрөнуү, анын ички контролдоо локусунун калыптануусун камсыз кылат. Ийгиликке жетүү мотивацияларын тарбиялоодо, ата-энелердин балдарынын жөндөмдүүлүктөрүн туура баалоо жакшы жетишкендиктерге алып келсе, ата-энелердин балдарынын жөндөмдүүлүктөрүн аябай жогору же төмөн баалоолору терс натыйжа берет. Ошону менен катар, балага орточо талап коюу абзел, себеби, бала өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн баалоосу адекваттуу болсо да, чектен ашкан талап ийгиликке жетүү мотивациясын өнүктүрбөйт.

Күчтүү ийгшшке жетүү мотиви, баланын ийгиликтери улуу адамдардын мактоосу жана демонстрациялоосу менен коштолгон учурда түзүлөт. Кенже курактагы балдар үчүн чонураак балдарга караганда оң же терс эмоциялардын коштоосу чоң мааниге ээ. Чоң балдар үчүн ата-энелердин ченөө деңгээли негиздүүрөөк, себеби алардын түз же кыйыр мааниде мактап же жазалап жаткандарын баалай алышат. Балдар үчүн ата-энелер белгилеген жетишүүнүн бийик ченеми, алардын ийгиликтерге жетүү мотивацияларына таасир этет. Мындай ата-энелер балдарынын ийгиликтерине эмоционалдуу реакция беришет, башкача айтканда жол болгон учурда оң эмоция, ал эми жол болбогон учурда терс эмоция байкалат. Көпчүлүккө таанылууга жана көпчүлүктүн коштоосуна ээ болууга умтулуу сапаты баланын келечегиңде чоңроль ойнойт.

Бул сапаттын базасында тырышчаактык, максаттуулук, өзүнө өзү ишенүүчүлүк, ишке болгон ийкемдүүлүк ж. 6. жакшы сапаттар пайда болот. Аталган сапаттарга жоопкерчиликтүүлүк жана милдеттүүлүк сезими калыптанат. Мектеп жашына чейинки жана кенже мектеп курагындагы балдарды тарбиялоодо, алардын үй эмгегине катышуусу негизги мааниге ээ. Төрт-беш жаштан баштап үй ичинде бала, инсандык өнүгүүсүнө таасир этүүчү, кандайдыр бир милдеттүү эмгекке ээ болгону жакшы. Үй эмгегинде тыкандык, жоопкерчиликтүүлүк, эмгекчилдик жана башка пайдалуу инсандык сапаттар тарбияланат. Мектеп жашына чейинки жана кенже мектеп курактагы балдардын үй эмгегинде активдүү катышуусу келечектеги турмушунда өз алдынчалуулукка жалпы психологиялык даярдыктын жакшы мектеби боло алат.

Үй шартывда ишкердик, эсепдарлык, сарамжалдуулук инсандык сапаттарды тарбиялоонун төмөндөгүдөй негизги жолдорун жана каражаттарын белгилөөгө болот: 1. Балдардын жаш курагына, түшүнүү деңгээлине, кызыгуусуна ылайык түрдүү экономикалык маселелерди берүү туура болот.2. Баланы өз алдынча өзүнө, андан кийин үй-бүлөгө керектүүлөрдү сатып алууга шарт түзүү зарыл.3. Мектеп жашына чейинки курактагы балдарды үй-бүлөсүнө тиешелүү коммерциялык иш-аракетке тартуу керек.4. Балдарды, үй-бүлө бюджети менен байланышкан, эсептерди жүргүзүүгө тартуу пайдалуу.5. Балага каражаттарды сарамжылоого түрткү болуучу, майдабарат керектөөлөргө жумшоо үчүн акча бөлүп берүү.Мектеп жашына чейинки жана кенже мектеп курактагы балдардын өзүн өзү тейлөө менен байланышкан үй эмгектерине катыштыруу, балада өз алдынчалуулукка, көз карандысыздыкка, өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүнө тарбиялайт. Бул тамак даярдоо, кийимдерин жана башка керектүү буюмдарын тазалоо. Өспүрүм жана алгач бой тарткан курактагы балдардын өзгөчөлүгү бул курбалдаштары менен баарлашууга тартылуу, анын негизинде, кичинекей, автономиялуу, обочолонгон достор группаларынын пайда болуусу менен коштолгон, чоңдордон социалдыкпсихологиялык изоляциалануу байкалат. Мындай баарлашууда өспүрүм же алгач бой тарткан курактагылар турмуштук максаттарды жана баалуулуктарды, нравалык идеалдарды, жүрүмтурум нормаларды жана формаларды өздөштүрөт.

Баланын баарлашуудагы мүмкүнчүлүктөрү максималдуу ишке ашуусу үчүн, алар бири бири менен гана эмес түрдүү шптерде жана жагдайларда өз ара чоңдор менен да байланышта болгону оң. Өспүрүм жана алгач бой тарткан курактагылардын баарлашуусуна мезгил мезгили менен катышкан чоңдор, аларга белгилүү деңгээлде пайда бере алышат. Бул курактагы балдар өздөрү андап билбеген, жардам алууга умтулбаган же издебеген, чондордун жардамына муктаж. Эгер чоңдор теңукуктуулукту, сый мамилени сактоо менен жетектөөнү туура пайдалана турган болсо, өспүрүмдөр түшүнүү менен карашат. Ал эми чоңдор өзүнүн улуулугуна шпенип, балдардын кызыкчылыгын эске албастан деспоттук мамиле жасай турган болушса, өспүрүмдөр каршылык көрсөтүшүп, оң натыйжа болбойт. Өспүрүм куракташлар өзүн өзү тарбиялоого умтула башташат.

12-13 жашта бала алгачкы жолу интеллектуалдык жана инсандык өзүн өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойлоно баштайт жана анын негизинде максатка жетүү үчүн аң-сезимдүү, максаттуу аракеттене баштайт. Өзүн өзү тарбиялоо бир нече тепкичтен турган өнүгүү жолунан өтөт.1. Физикалык жана эрктүүлүк боюнча өзүн өзү өнүктүрүү бул өспүрүм куракта байкалат. Мында, инсандын эрк сапаттарын, башкача айтканда жүрөктүүлүктү, чыдамкайлуулукту, токтоолукту, сабырдуулукту, өзүнө өзү ишенүүнү жакшыртуу болуп эсепталинет.2. Ңравалык жактан өзүн өзү өркүндөтүү бул алгач бой тарткан куракка туура келет. Мында негизги максат моралдык, руханий өнүгүү, же болбосо ак ниеттүүлүктү, кайрымдуулукту, кең пейилдүүлүктү, бектикти, альтруисттик сапатты ж. б. жогорулатуу.3. Кесиптик өзүн өзү өркүндөтүүорто жаш курак учуру болуп эсептелет.

Бул адамдагы, тандалган кесип боюнча ийгиликтүү иштөө үчүн керектелүүчү жөндөмдүүлүктөрдү, ыктарды жана ыкмаларды камтыган, кесиптик бүтүндөй комплекстүү сапаттар менен байланышкан, ишкердик өзүн өзү өркүндөтүү.4. Социалдык-дүйнөтаанымдык өзүн өзү жогорулатуу. Мында негизги маселе социалдык позицияны, дүйнөтаанымды, жашоого болгон көз карашты өркүндөтүү, тактоо. Бул мезгилде инсандык өзүн өзү өркүндөтүү менен алектенүү адамдын, инсан катары, мүнөзүн тактайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)