Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тарбиялык таасирлердин каражаттары

Тарбиялоо адамдын инсандык калыптануусуна, анын дуйнөгө, коомго, адамдарга болгон мамилешүүсүнө багытталган. Тарбиялоо өз максатын аныктоодон башталат. Тарбиялоонун негизги маселеси бул баланын коомдо жашоо үчүн керектелүүчү пайдалуу сапаттарга ээ болгон, инсан катары өнүгүүсү жана калыптануусу. Тарбиялоонун максаты кандай гана коомдо болбосун туруктуу боло албайт. Коомдук түзүлүштүн системасы жана социалдык мамилелери өзгөрүү менен бирге тарбиялоонун максаттары да өзгөрөт.



Коомдук өнүгүүнүн аздыр - көптүр стабилдүү мезгилдеринде тарбиялоонун максаттары туруктуулугун салыштырмалуу сактай алат. Ал эми маанилүү социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдө алардын белгилениши кыйын боло баштайт. Эгер коом маданияттын жана цивилизациянын белгилүү деңгээлине жетсе, эгер ал аны сактоого, жогорулатууга умтулса, эгер коом цивилизациялуу мамлекттердин катарында калгысы келсе, анда анын тарыхында кандай гана радикалдуу бурулуштар болбосун, ал өткөн мезгилдин жакшы жактарын кабыл алып, улантуусу керек болот.



Тарыхый жана мамлекеттик чектерге ээ болбогон, өзүнүн маанисин эч жоготбогон баалуулуктарга жалпы адамдык нравалык баалуулуктар кирет. Дал ушундай баалуулуктар социалдык тарыхтын баардык этабында биринчилерден болуп тарбиялоонун максатын аныкташат. Бул максаттар гумандуулук, жаратылышты сүйүү, адамгерчилик, эркиндик, ак ниеттүүлүк, токтоолук, кайрымдуулук түшүнүктөрү менен байланышкан. Тарбиячынын, тарбиялануучунун инсандык өзгөрүүлөрүнө багытталган, кыймыл-аракеттерин психологиялык таасирлердин каражаттары деп айтууга болот. Алардын ичинде адамдын жүрүмтурумун калыптандырган үйрөнүүлөрдүн түрлөрү, ишендирүү, ынандыруу, когнитивдик сферасын, социалдык багыттануусуна кайра жаратуулар кирет.



Тарбиялык таасирлердин ичинен, инсандын көптөгөн жактарын глобалдуу эффект калтыруучу, комплекстүү каражат эң негиздүү. Ага психотерапияны, социалдыкпсихологиялык тренингди, психокоррекциянын ар түрдүү түрлөрүн кошууга болот. Тарбиячынын өздүк жүрүм-туруму тарбиялык каражат катары каралат. Ддамга таасир этүүчү мүнөзүнө карай тарбиянын каражаттары түз жана кыйыр деп бөлүүгө болот.



ТУз мүнөздөгү бул бири бири менен түзмө түз баарлашууда ишке ашкан бир адамдын экничи бирөөгө тикеден-тике инсандык таасир этүүсү. Түз мүнөздөгү тарбиялык таасирлер тарбиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Баланын, ага кайрылган кепти түшүнбөгөн учур болгондуктан, психологиялык өнүгүүсүндөгү эрте жаш куракта бул каражат эң негизги.



Ошону менен бирге бул каражат балдардын бардык курагында чоң мааниге ээ. Педагогикада аны педагогдун өздүк жүрүм-дурумунун мисалында деп аташат. Бул каражаттын кемчилдиги персоналдуулугу менен, мөөнөттүн чектелүүсү менен аныкталат. Кыйыр мүнөздөгү каражат тарбиячы менен тарбиялануучунун бири бирине кандайдыр бир каражаттардын жардамы менен таасир этүү болуп эсептелинет. Китептер, массалык маалымат каражаттар жана башка бир адамдан башка адамга маалымат берүү системалар аркылуу болгон кыйыр мүнөздөгү тарбиялык таасирлер ар тараптуу жана мөөнөту чектелбеген болот. Мындай тарбиялык таасирлердин материалдары адамга түрткү болуп, эсинде сакталып кайра-кайра пайдалана берүү мүмкүнчүлүгүн берет.



Тарбиячы менен тарбиялануучунун аң-сезимдеринин катышуусу боюнча, тарбия процессинин каражаттары аң-сезимдүү, аңсезимсиз деп бөлүнөт. Аң-сезимсиз каражаттарды пайдаланган учурда тарбиялануучунун тарбиялык таасирлерди кабыл алуусу аң-сезимдүү контролсуз өтөт, ал эми тарбиячы алдын ала ниеттенбестен таасир этет. Аң-сезимдүү тарбиялык таасирдин нарктуулугу, андан эмне алаарын алдын ала көрө билүү, натыйжасына контроль жүргүзүү жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө болот. Бирок кемчиддиги аны мектеп жашына чейинки курактарда, айрым учурларда кенже мектеп курактарда пайдалануунун чектелүүсүндө.



Аң-сезимсиз тарбиялык таасирлер көбүрөөк колдонулганы менен, анын, аңсезимдүү контрольжетишсиз болгондуктан, кемчилдиктерин жана баалуулуктарын баалоо кыйын. Тарбиянын каражаттарын, объекттин тарбиялык таасирлердин багытталышынын мүнөзүнө карай эмоционацдык, когнитивдик жана жүрүм-турумдук деп бөлүүгө болот. Практика жүзүндө алар тарбиялануучунун түрдүү жактарын камтыган, комплекстүү пайдаланылат.



Когнитивдик тарбиялык таасирлер адамдын бшшм системасына, аны өнүктүрүүгө багытталган. Азыркы учурдун талабына ылайык бул тарбиялык таасирдин маанилүүлүгү кеңейүүдө, себеби окумуштуулардын көз караштары боюнча адамдын билими анын инсандык өзгөчөлүктөрүн гана аныктабастан, анын жүрүм-турумуна чечүүчү натыйжаларды берет. Эмоционалдык тарбиялык таасирлер тарбиялануучунун, психологиялык таасирлерди кабыл алуусун жеңилдетүүчү же татаалдаштыруучу катары, кандайдыр бир аффективдик абалдарын козгойт жана коштойт. Оң мүнөздөгү эмоциялар тарбиялануучуну, тарбиялык таасирлердин субъектисине карай, ачыктыкка, ал эми терс таасирлер тарбиячы менен тарбиялануучунун мамилелерин түшүнбөстүктөргө түртөт.



Жүрүм-турумдук тарбиялык таасирлер түзмө түз адамдын мамиле кылуусуна багытталган. Ддамды боло турган жүрүм-турумуна тиешелүү болгон, башкача айтканда оң же терс колдоолорду камсыз кылуучу, кандайдыр бир кыйыл-аракеттерди жасоого мажбурлап, анын инсандык өзгөчөлүктөрүнө кыйыр таасир этет. Бул тарбиялык таасир башка түрлөрүнөн өзгөчөлөнүп, кандайдыр бир жүрүм-турум аткарылган соңтарбиялануучу анын пайдалуу жана пайдасыз жагын андап билет. Азыркы учурларда тарбиялык таасирлердин түрдүү каражаттарын белгилөөгө болот, бул инсанга психотерапиялык, психокоррекциялык методдордун таасири.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 3965, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо