Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Тараза мырзалар

Тараза белгисинде төрөлгөн мырзалар, жиндидей рационалдуу жана ошондой эле мээсинен айныганча укмуштуу болушат. Бардык суроолорго жооптору даяр болуп, бул мырзалар бардык маселелерди чечүүгө стартта турган спорт автоунаасындай даяр турат. Булардын индивидуалдык жагын мелдешип утуп алам деген ойдо болуу маанисиз. Бул мүмкүн эмес, анткени мындай мырзалар өзгөчө логикага жана курч акылга ээ, буларды алдап же тең салмактуулугунан чыгаруу өтө оор. Булар дайыма абалдан оңой чыгып, утушта болот. Булар ушунча укмуштуу келип, жөн эле жумшак жылмаюуусун көрүп, элжиреп, күрөшсүз жеңилип берүүгө да болот.



Тараза-мырзалары каалаган аял-кишинин жүрөгүнө ээ боло алат. Бирок максатына жетүү менен, көп учурда алар, андан ары эмне кылаарын билбей, өзүлөрүн жоготуп коюшат. Аял-кишини өзүнө тартып жана сүйдүрүп алган сон, алар күмөн болуп, керектүү тең салмактуулугун жогото баштайт. Мунун баары аягында өзү менен өзү күрөшкөн ички, акыл күрөшүнө алып келет. Дал ушул дэңгээлде түйшүктүн баары башталат.



Тараза-мырзалары эч качан баатырдын жана жеңип алуучунун ролун ойнобойт. Тескерисинче көп учурда биринчи кадамдарды аял затынан күтөт. Эгер айымдар утурлай алдына келбесе, анда бул мырзалар көз ачып жумганча, шымаланган жеңин түшүрөт. Ошол замат өзүн керексиз жана таштанды сезип багынат. Ал эч качан бирөөнүн сезимдерин жаралоого умтулбайт, бирок жаман маанайда болуп турганда билбестен бирөөгө тийишип же бирөөнүн жүрөгүн жаралап алышы мүмкүн. Бирок, Тараза-мырзаларга адилетсиз болуу - адам өлтүрүүгө тете. Көп учурда алар өзүлөрү да, бөлүшпөгөн сезимдерден сана тартышат, бирок көптөгөн сары-санаалар Тараза-мырзаларды тегеренип өтүшөт.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн мызалар көп ой жүгүртүүгө жана ал ой жүгүртүүлөрдө тең салмактуулукка умтулууга ийкемдүү. Бардыгын "Оң" жана "Терске" салмактап, иретке келтирүүгө аракеттенип, өзүлөрүнүн логикасынын жана рационалдуулугунун жардамы менен бир чечимге келүүгө умтулат. Тараза-мырзалары абстракттык кулак түрүүчүлүккө ийимдүү. Бир караштан байкагандай, алар ушакчы эмес, ошону менен бирге жөн эле да сүйлөй бербейт. Алар сырларын терең катып, аны эч качан жана эч кимге айтпайт. Ошондуктан кандай гана аракеттенүү болбосун, алардын сырын билүү же ачыктыкка сүйрөө аракеттери маанисиз. Мындай мырзалар, аларга жакын адамдар тарабынан, кынтыксыз ишенимге жана толук түшүнүүгө зарыл болуп турат. Бирок буларга, башкалардын түйшүктөрүн жана ички санааларын түшүнүүгө оор. Чебер акылга жана логикага, интуициага жана кандайдыр бир өзгөчө ички сезимдерге ээ болуу менен бирге, тилекке каршы алар өз өнөктөшүнүн жүрөгүн жана жан-дүйнөсүн түшүнө билүү сезими жок. Ушуга байланыштуу, бул көп учурда өзүнө жакын адамдарды жаман абалда калтырат.



Тараза-мырзалары акылы-аз сноб эмес. Алар кең пейилдүү жана меймандос. Булар өзүнө бакыт алып келип, сулуулукту жана гармонияны тартуучу буюмдарга акчасын ыракаттануу менен коротот.



Дуулдаган көпчүлүктү кабыл албай, алар менен физикалык контакта болгондо, Тараза-мырзалары өзүнүн тең салмактуулугун жоготот. Булардын айланасындагы коомдук жашоо, жаркын жана кызыктуу инсандарга толуп турат, бирок, кайрадан эле булар топтошкон элге айланбоосу абзель. Андай болбосо, ал аба жетишпегендей думугуп, көз алдында соолуй баштайт.



Ал эми үй-бүлөөлүк иштерде, тараза-мырзалары үйдөгү иретсиздикке жана хаоско чыдабайт, анткени тазалыкты жана иреттүүлүктү сактоо буларга өзгөчө маанилүү. Бирок, айтып коюуу керек, өзүлөрү майда-чүйдөлөргө анча тыкан жана ыкыластуу болбошу мүмкүн, а бирок, өз сүйгөнүнөн ушундай тыкандыктарды талап кылат. Кайрадан эле, бул жерде, анын мыктылыкка, гармонияга жана тең салмактуулукка умтулуусу көрүнүп турат.



Мындай мырзалардын өмүрлүк жарына болгон мамилесин айтсак, аялы, ал үчүн биринчи орунда, андан кийин балдары. Бирок бул, өз балдарына камкордугун берип жана жылуу сезим менен тарбиялоого жолтоо болбойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3449, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу