Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза айымдар

Баш барак | Гороскоп | Тараза айымдар

Бул назик жана суктандыуучу жандар каалаган абалга жана каалаган адамга айкалыша алат. Булар өз бактысын жана жан-дүйнөсүнүн гармониясын күйөөсүнүн ийгиликтеринен табуучу идеалдуу жарлар. Мындай айымдарда анча-мынча эркек мүнөздүү болот. Сыртынан, аял сапаттуу жана сулуу келип, өзгөчө эркектерге таандык логикага ээ. Интеллектуалдык дискуссияда мырзалардан өтүп кетиши мүмкүн. Бирок булар аял сезимдерине ээ болуп, эркек намысына тийбес үчүн, эч качан эл көзүндө күйөөсүнөн аша чаппайт. Сүйлөп жатканынын баарын баамдап жана анализдеп, Тараза-аялдары бардыгын таң калтырып, ошол замат суктандырат. Маанилүү бир несени унутуп калбайын жана катачылык кетирбейин деп, булар дайыма бардыгын эки жолу, а түгүл үч жолу таразалоого аракеттенип, өзү менен, жана айланасындагылар менен, аягына чейин адилеттүү болуусун каалайт.



Тараза-айымдары жалгыз жашай албайт. Жалгыздыктан коркуу менен, алар жумуш жаатында жана сүйүү жаатында 100 пайызга эркектерге муктаж.



Сыртынан мырзаларга баш ийүү менен, булар дайыма эки оюнду чебердик менен ойноп, күйөөсүнө мындай оюнда күмөн санатпайт. Булар күйөөсүнө дос да болуп, жардамчы да болуп, кенешчи да боло алат. Жагымсыз окуяларды түзөктөп, күйөөсүнүн ойлонбой жасаган кылык-жоруктарынан сактоого умтулат, үй-бүлөөсүн болсо ар кандай түйшүктөрдөн жана жагымсыздыктардан сактай билет. Бирок, булар эч качан өз оюн тануулап, өз иш-аракеттерин талап кылбайт. Болгону, жумшак жана тануулабай күйөөсүнүн туура чечимге келүүсүнө багыттап, туура эмес жолду тандоодон сактайт.



Бул өзүн сынаган аялзаты, дайыма өз кемчиликтерин билип турат, бирок, эч качан аны сыртка чыгарбай, чебердик менен айланасындагы көздөрдөн катат.



Аял бойдон калуу - мына бул анын эң башкы шыгы. Бул жаатта мыктылыкка умтулуу менен, булар ал максатка жетет. Күчтүү да, жумшак да болуу менен, тараза-айымдары керектүү тең салмактуулукту сактоого аракеттенет.



Булар өз күйөөсүнө идеалдуу аял жана балдарына эң жакшы эне болууга шыкталган. Күйөөсүн дайыма үй-бүлөө башына коюп, эч качан аны менен салгылашып, орун талашпайт. Күйөөсүн бактылуу кылуу үчүн, ага бала төрөп берет. Ошондуктан балдар, алар үчүн экинчи орунда, күйөөсүнөн кийин албетте.



Тараза-айымдар тең салмактуулугун жоготсо, эң акыркы чектерге да барышы мүмкүн. Бирок ал, токтолуу үчүн жардамга муктаж эмес. Көп учурда ал өзүнүн тең салмактуулугун өз күчү менен ордуна келтирет. Кээде тең салмактуулугун жоготуп, тараза-айымадары ушундай абалга аз убакытка кириптер болот, бирок кайра бат эле өзүнө келип, гармонияда болот. Бир жагынан, күйөөсүнүн ыкыластуулугу жана камкордугу, андай абалдардан батыраак чыгууга жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 4229, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу