Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамеки

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тамеки

Тамеки картошка, помидор сыяктуу эле өсүмдүк. Картошка - аш болумдуу, даамдуу азык, помидор да ошондой. Ал эми тамеки адамга зыяндуу. Тамекинин сигарет жана папирос жасалуучу жалбырагында никотин деген уу болот. Ал жүрөктү, мээни, өпкөнү ууландырат. Ошондуктан тамеки чекпегендерге караганда чеккендер көп ооруйт. Мисалы, алар бронхит жана башка дем алуу оорулары менен он беш эсе көп ооруйт.

Тамеки чегүү коркунучтуу рак оорусуна чалдыктырат. Тамак, өпкө, карын, боордун рагы тамеки чеккендерде көп учурайт. Тамекинин эң коркунучтуу өзгөчөлүгү бар: организм никотинге көнүгөт да, ансыз жашай албай калат. Адамда суусап же ачка болгон сыяктуу эле тамеки чегүүнү эңсөө сезими пайда болот. Ошондуктан тамекини таштоо өтө кыйынга турат. Андан көрө тамеки тартууга эч качан көнүкпөгөн жакшы.

Бирок буга карабастан, тамеки көп жерлерде өстүрүлөт. Анткени тамекиден сигарет гана жасалбастан, ошондой эле дары-дармектерди даярдоо үчүн да колдонулат. Тамеки өзгөчө өлкөбүздүн түштүгүндө көбүрөөк өстүрүлөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2832, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу