Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таман балык

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Таман балык

Бул биздеги балыктардын эң жөнөкөйү. Алар көлчүк сууларда деле жашай берет, башка балыктар ал жерде өлүп калмак. Тамакты да тандабайт - көнөктөрдү, сөөлжандарды, кичинекей моллюскаларды, суу өсүмдүктөрүн, жада калса суудагы балырлуу ылайды да жейт. Ал эми аквариумдагы алтын балыкка өзгөчө тамак керек, алар кычкылтекке бай таптаза сууда багылууга тийиш. «Сөз таман балык жөнүндө болуп жатса, алтын балыктын бул жерде кандай тиешеси бар?» - деп таң каларсыңар. Себеби, таман балык болбосо алтын балык да жаралмак эмес. Качандыр бир кезде Чыгыш өлкөлөрүндө таман балыкты вазадагы сууга салып, кооздук үчүн үйдө багышкан. Бара-бара адамдар бул балыктар бири-бирине окшош эместигин байкашты: алардын кээ биринин каңылтыры алтын, кээ бирөөнүкү коло түстүү, кызгылттары, күмүштөй жаркырактары да бар. Чыдамкайлык менен көпкө тандап, бир нече жолу аргындаштыруу аркылуу адамдар түсү гана эмес, келбети боюнча да ар түрдүү кооз балыктарды жаратышты. Желбирек куйруктуу, телескоп, комета, арстан баш жана башка балыктар ушундайча пайда болгон.

Деңиз, дарыяларда да мындай балыктар жок. Алардын мекени жана туруктуу жашаган жери - бассейн же аквариум. Ал эми бул ажайып кооз балыктардын түпкү теги карапайым таман балык.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 932, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо