Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тамак сиңирүү системасы

Тамак сиңирүү системасы — тамак-ашты майдалап, химиялык жана ферменттик жактан ажыратып, алардын маңызын соруп сиңирүүчү жана сиңгенден калган тамак-аш калдыктарын сыртка бөлүп чыгаруучу атайын органдар. Тамак-аш менен келген белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер жана минералдуу заттар тамак сиңирүү процессинде сууда эрүүчү бирикмелерге ажырайт. Бул заттар ичеги-карында сиңип, канга, лимфага, андан клеткага, ткандарга өтөт. Тамак сиңирүү системасынын органдары түзүлүшү боюнча бири-бирине байланыштуу, бирок анын ар бири өзүнө тийиштүү милдетти аткарат. Анын узундугу 8—10 м келип, кишинин тулкусунун башынан аягына чейин созулган ичи көңдөй түтүктөн турат. Ирети менен алганда тамак сиңирүү системасы ооз көңдөйүнөн башталат. Андан кийин кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичке жана жоон ичегиге өтүп, арткы тешиги менен аяктайт.

Ичеги-карынга алардын былжырлуу катмарында жайгашкан майда без клеткаларынын жана тамакты эритип, сиңирүүчү ири бездердин (шилекей бездеринин, боордун жана уйку безинин) зилдери куят тамак сиңирүү системасысын түзүүчү ичеги-карын түтүкчөсүнүн керегеси үч катмардан турат. Алардын эң сырткы катмарын туташтырма ткань, ортоңкусун жылмакай булчуң тканы, ал эми эң ички катмарын былжырлуу кабыкча түзөт. Тамак сиңирүүчү органдардын сырткы катмары эң жылмакай болгондуктан, алар бири бирине жабышпай бош жатышат. Ичеги-карындын капталынын 2- катмарындагы жылмакай булчуңдардын толкун сымал жыйрылышынын натыйжасында анын ичиндеги тамак-аш калдыгы улам артты карай жылып, көтөн чучук аркылуу сыртка бөлүнүп чыгат. Ал эми ичеги-карындын эң ички былжырлуу катмарындагы ар түрдүү без клеткаларынын зили ичип-жеген тамак - ашты эритип жана сиңирүүдө чоң роль ойнойт. Ошондой эле, Шилтеме: Карын, Ичке ичеги, Жоон ичеги, Боор, Өт, Уйку бези макалаларын.

Тамак сиңирүү системасынын оорулары эл арасында кеңири тараган. Бул оорулардын мүнөзү жана таралышы географиялык, социалдык шарттарга, жашоо ыңгайынын тарыхый абалына жана тамактануу өзгөчөлүгүнө, гигиеналык тарбияга, калк маданиятына, саламаттык сактоо ишинин өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Оорунун себептери жана анын өөрчүшү өтө татаал жана ар түрдүү. Анын пайда болушуна маалы менен тамактанбоо, ачка болуу же ашыкча тамактануу (өзгөчө жатарда), ошондой эле тамакты өтө муздак же ысык ичүү, ыксыз семирүү, өнөкөт аракечтик, өз алдынча дарыларды (аспирин, преднизолон жана башкалар) көп ичип дарылануу жана башкалар себеп болот. Катуу кармаган ичеги инфекция оорулары тамак сиңирүү системасынын органдарын сезгентип, бузуп, түрдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Андан оору улам күчөп, кайталанма өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Ичеги инфекциялары (жугуштуу оорулар) атайын мүнөз тамакты (диета), дары-дармек менен дарылоону талап кылат.

Ич көңдөй органдарынын сезгенүү ооруларынын өзгөчө тобу ичегилердин туруктуу микроб флорасынын же сырттан микробдордун (митенин) дене тоскоолдуктары аркылуу киришине байланыштуу болот (Шилтеме: Аппендицит, Перитонит, Парапроктит). Буларга коңшулаш же жакын жайгашкан органдардан жуккан инфекциялар, ошондой эле кан аркылуу пайда болгон сезгенүү оорулары танапташ болот. Мисалы, өттүн инфекциялары боордун ириңдешине, ал эми өтө катуу кармап, жарылып кеткен аппендицит ич көңдөйүн ириңдөөгө алып келет. Ага тамак-аштан жана түрдүү химиялык заттардан уулануу, ошондой эле алкоголдон өнөкөт уулануу, дары-дармекти баш аламан иче берүү да көп учурда себеп болот. Өнөкөт аракечтик акыры тамак сиңирүү системасынын органдарын бузат. Алкоголь ичеги-карындын былжыр челин жана бездерин дүүлүктүрүп, карын маңызынын кычкылдуулугун өзгөртөт, фермент бөлүп чыгаруу касиетин начарлатып, боордун иштешин бузат, витаминдердин жетишсиздигине алып келет. Тамак сиңирүү системасынын жара жана башкалар ооруларынын өөрчүшүндө тамеки тартуу зор таасир тийгизет (Шилтеме: Тамеки чегүү). Анткени ал кан тамырларды тарытып, маңыз бөлүп чыгарууну начарлатат, нервдик жөнгө салуу бузулат.

Тамакты мүнөздөп ичүү өзгөчө маанилүү. Кесипти, жынысты, куракты эске алуу менен даярдалган тамак-аш, тамактануу эрежесин сактоо тамак сиңирүү системасынын жакшы иштешине өбөлгө болот (Шилтеме: Тамактануу). Тамак-аштын тартыштыгы, сапатынын төмөндүгү, начар даярдалышы, татымалдарды ашкере пайдалануу, узакка ачка болуу, өтө тоюу, тамактануу эрежесинин бузулушу жана башкалар тамак сиңирүү системасынын функцияларын начарлатып, бузат да, көп тараган өнөкөт ооруларга (гастрит, колит, энтерит, гастроэнтероколит, холецистит, панкреатит жана башкалар) түрткү болот. Капа болуу, санаркоо (катуу стресс абалдары) тамак сиңирүү системасынын көпчүлүк ооруларына тикеден-тике алып келери аныкталган. Кээде тукум куума мүнөздө болот. Тамак сиңирүү системасынын органдарынын бирөө ооруса, башкаларына да доо кетет. Мисалы, холецистит менен кошул-ташыл панкреатит, гастрит, энтероколит жана башкалар болушу ыктымал.

Кызыл өңгөчтүн ооруларынын бири — дисфагияда тамакты жутканда жакшы жылбай, такалып калгандай сезилет. Кээде коюу, нык тамак жутканда, атүгүл суюк тамак араң өтүп, жутуу бузулат. Анын себептери күйүү, сезгенүү, уулануу, шишик, невроздор жана башкалар болушу мүмкүн. Кызыл өңгөч шишигинде, жарасында, сезгенгенде жутуп жатканда төш сөөгүнүн арты ооруйт. Ичкен тамакты кайра кулгуу, чакоо кызыл өңгөчтүн төмөнкү бөлүгүндө пайда болгон тоскоолдуктан улам келип чыгат (ахалазия).

Ачуу, кычкыл тамак ичкенде көкүрөктүн кыжылдашы (зарна болуу) карындагы тамакты кызыл өңгөчкө кайра чыгарган учурда болот. Кан кусуу өтө коркунучтуу белги. Ал кызыл өңгөч, карын, боор ооруларында (жара, боор циррозу, шишиктерде), кан тамыр айрылып кеткен учурда (цирроздо) кездешет. Мүнөздөп тамактануу кыйла жеңилдик алып келет, оорунун башталышын консервативдүү, ал эми күчөп кеткенин хирургиялык жол менен дарылайт. Кызыл өңгөчтүн дивертикулу (капталынын айрым бөлүгүнүн дөмпөйүп чоюлушу, кеңейиши) көбүнчө тубаса оору болуп саналат. Башталышында кез-кез жөтөл жана дисфагия болот. Мүнөздөп тамактануу, бат-бат тамак ичүү сунуш кылынат.

Ал эми тамактан кийин 1 стакан минералдуу жылуу суу ичүү зарыл. Дары оорунун башталышында гана таасирлүү, ал эми күчөсө аргасыздан операция жасалат. Кызыл өңгөчкө кислота жана жегичтин эритмелери таасир эткенде анын ички былжыр чели химиялык күйүккө дуушарланат. Бул учурда кызыл өңгөчтү токтоосуз сүт же суу менен жууп жиберүү зарыл. Кырсыкка чалдыккан оорулууну тезинен ооруканага жаткыруу ийгиликтүү дарылоонун өбөлгөсү жана кийин анын тарып, тамак өтпөй калышын алдын алуу болуп саналат. Кызыл өңгөчкө тыгылган бөтөн нерсени тезинен алдырбаса, күтүлбөгөн кырсыктарга алып келет. Кызыл өңгөчтүн сезгенүүсү — эзофагит өз алдынча аз кездешет. Өнөкөт эзофагит дүүлүктүрүүчү факторлордун, алкоголдун, айрым химиялык заттардын узакка созулган таасиринен болот. Эзофагитте көөдөн, төш сөөгүнүн арты ооруйт, кекирет.

Оорулууларга килкилдектер, өсүмдүк майлары жана башкалар мүнөз тамак сунуш кылынат. Кызыл өңгөчтүн шишиктеринде дисфагия күчөп ооруйт. Алар рентгенологиялык жана эндоскопиялык изилдөө менен аныкталат. Карын ооруларында төштүн ай балкасынын алды өйүп ооруйт. Адатта оору тамак ичкенден кийин, кээде ачка болгондо башталат, ошондой эле ачышып жаткандай, толуп кеткендей же бат эле тоюп калгандай сезилет.

Карындын көптөгөн ооруларында тамакка табит тартпай, жүрөк айланып кусат, кекирет жана башкалар Карын ооруларынан гастрит жана жара оорусу көп тараган. Карындын рак оорусунун пайда болуу себептери толук изилдене элек. Аны эрте аныктоо үчүн учурунда врачтарга кайрылып, зарыл текшерүүлөрдөн (рентгенологиялык, гастроскопиялык) өтүү керек. Анын башталышында хирургиялык дарылоо ийгиликтүү болушу мүмкүн. Карындан кан кетүү өмүргө өтө коркунучтуу, ошондуктан ал медициналык тез жардамды талап кылат. Ичеги ооруларында көбүнчө температура жогорулап, арыктоо, баш ооруп, алсыздануу, ал кетүү, бат чарчоо, кандын азайышы (анемия) байкалат, тамак сиңирүү бузулат, ич курулдап көбөт, ич өтөт же катып калат, киндиктин тушу ооруйт. Оору белгилүү бир жерде болбой, улам башка жерге жылып, толгоп ооруйт.

Он эки эли ичеги ооруганда көбүнчө түнкүсүн ачка болгонсуп ооруйт. Тамактангандан кийин басылып калат. Заңдын түрү жана андагы былжырдын, кандын, мителердин болушу да ичегинин, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүнүн оорусун билдирет. Ичеги ооруларына дуоденит, жара оорусу, дуоденостаз, энтериттер (Шилтеме: Гастроэнтероколит), дискинезиялар, колит, шишиктер кирет. Ичеги ооруларынын катуу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган ооруларга аппендицит, колит, травмалар (жарылуу, айрылуу, тешилүү), ичегиден кан кетүү, ичеги өткөөлсүздүгү кирет. Катуу кармаган ооруларда ого бетер күчөп кетүү коркунучу болгондуктан жана оорулуунун өмүрүнө тикеден тике коркунуч келтиргендиктен токтоосуз хирургиялык чараларды көрүү зарыл. Ошондуктан врач келгенче ооруга каршы ар кандай чараларды (грелка, клизма, ич алдырма дарыларды) колдонууга болбойт. Мисалы, катуу кармаган аппендицитте операция кечигип жасалганда ал кабылдап, перитонитке алып келет. Ич катуу ооруганда, токтобой кусканда, кан кетүү башталса жана башкалар токтоосуз медициналык тез жардам көрсөтүү зарыл.

Дуоденостазда он эки эли ичегинин ичиндегиси токтолуп жай жылат. Жара оорусу, өнөкөт холецистит, панкреатит жана башкалар оорулар менен коштолот. Ичегинин функциясы бузулганда тамак сиңбей (диспепсия) калат. Тамактын сиңбей калышы көп ооруларда кездешип, зат алмашуу (белок, май, углевод, минерал, суу-туз, витамин) бузулат. Бул арыктоого, сөөк системасынын, теринин өзгөрүшүнө, аз кандуулукка, оорулуунун психикасынын бузулушуна алып келет.

Жоон ичегинин кеңири тараган сезгенүү оорусу — колит. Анын катуу жана өнөкөт түрү бар. Жоон ичегинин дискинезиясы көбүнчө нерв системасынын бузулушуна байланыштуу болот, ич катып, көбөт кээде ич өтүп, толгоп ооруйт. Аны дарылоодо нерв системасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Мында айланма душ, ийне жалбырактуу (хвой) ваннасы, парафин жабуу пайдалуу. Ар кимдин жеке өзгөчөлүгүн эске алуу менен мүнөздөп тамактануу белгиленет.

Көтөн чучуктун жана арткы тешиктин ооруларынан геморой, проктит, парапроктит, арткы тешиктин жарыгы кезигет. Алар көбүнчө кыймылсыз көп отуруудан, ич катуудан, ачуу тамактарды, алкоголь ичимдиктерди ашкере көп ичүүдөн пайда болот. Бул факторлорду күндөлүк турмуштан четтетүү жана учурунда врачка кайрылуу оорунун алдын алууга же башталышында эле дары менен ийгиликтүү дарылоого өбөлгө түзөт; оору күчөп кеткенде хирургиялык жол менен дарылоо талап кылынат. Ичеги шишиктеринен жоон ичегинин шишиги көп кездешет. Боордун эң көп тараган оорусунун бири — катуу кармаган вирустуу гепатит.

Өнөкөт гепатит — көбүнчө катуу кармаган гепатиттин калдыгы же боорду жабыркатуучу башка себептердин (инфекция, уулануу) терс таасиринин натыйжасы. Анда оң сүбөөнүн асты сыздап ооруйт, көңүл айнып, ич көбөт, тамакка табит тартпайт, майлуу тамактарды көтөрө албайт, булчуң алсыздачат, тез чарчайт, кээде сарык пайда болот. Дарылоонун ийгилиги врачтын көрсөтмөлөрүнүн так, талаптагыдай аткарылышына жана баарыдан мурда алкоголь ичимдиктен, майлуу жана туздуу тамактардан баш тарткандыкка байланыштуу болот; өзүн өзү дарылоого жол берилбейт. Жетиштүү өлчөмдөгү витаминдер (өзгөчө В тобундагы), быштак дартка чалдыккан боорго оң таасир тийгизет. Өнөкөт гепатит дарыланбаса акыры барып боордун циррозуна айланышы ыктымал. Кыргызстанда боордун мите оорусу — эхинококкоз кеңири тараган, боордун ириңдүү сезгенүүсү, шишиктери сейрек учурайт. Бул катуу ооруларды хирургиялык жол менен дарылайт. Алар түрдүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Анын алдын алуу үчүн врачтын айткандарын боору өнөкөт ооруга чалдыккан оорулуулар милдеттүү түрдө сөзсүз аткаруулары зарыл.

Өт баштыкчасынын жана өт жолдорунун ооруларынан холецистит, өт жолдорунун таш оорусу, өт жолдорунун дискинезиясы, холангит айрыкча көп учурайт. Өт жолдорунун дискинезиясында өт баштыкчасынын жана өт жолдорунун кошулмаларынын жыйрылуу функциясы бузулат. Оң сүбөөнүн асты сыздап, зыркырап ооруйт. Мындай оору көбүнчө тынчсызданып толкундоодон жана айрыкча психикалык санаркоодон кийин пайда болору байкалган. Дарылоо вегетатив нерв системасынын функциясын жакшыртууга багытталат; минералдуу суулар, физиотерапиялык процедуралар колдонулат.

Холангит — өт жолдорунун бактериялык инфекциядан пайда болгон сезгенүүсү. Катуу кармаган холангит чыйрыктырып, температураны көтөрөт, көл-шал тердетет, боор чоңоюп, оң сүбөөнүн асты салаңдап тартылып, салмактанып ооруйт. Бул оору кабылдап кетсе боор ириңдеп, начарлашы ыктымал. Өнөкөт холангит бирде басылып, бирде күчөп турат, боор чоңоёт. Дарылоо өт жолдорундагы инфекцияны жана сезгенүүнү жок кылууга багытталган. Карын алдындагы уйку безинин ооруларынан панкреатит көп кездешет. Катуу кармаган панкреатитте курсактын жогорку бөлүгү курчап катуу ооруйт, окшутуп, тынымсыз кустурат, кускандан жан жай албайт, ич өтөт.

Кээде катуу оорунун айынан коллапс болушу мүмкүн. Өнөкөт панкреатитте оорунун белгилери ачык билинбейт, көп учурда тамак сиңирүү начарлап, окшуп, кусат, ич өтөт жана көбөт. Тамак сиңирүү системасынын ооруларын аныктоо жана дарылоодо азыркы медицинанын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Медицина илиминин бөлүгү — гастроэнтерология пайда болду. Азыр тамак сиңирүү органдары ооругандарга алдын алуу жана дарылоо жардамдарын көрсөтүү үчүн атайын адистештирилген бөлүмдөр, кабинеттер иштейт. Ооруну аныктоодо кароо, кармалоо, каккылоо, тыңшоодон тышкары лабораториялык жана аспаптардын жардамы менен диагноз коюу жакшы өнүккөн. Рентгенологиялык ыкмага өзгөчө көңүл бурулуп, анын жардамы менен структуралык өзгөрүүлөрдү изилдөө менен катар анын функциясынын өзгөрүшү да далилденүүдө. Дененин түзүлүшүн бардык деңгээлде көрүүгө мүмкүнчүлүк берген компьютердик томография кеңири колдонулууда.

Тамак сиңирүү органдарынын түрдүү ооруларыңда морфологиялык жана функциялык өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн колдонулуучу радиоизотоптук диагностика улам өркүндөөдө. Акыркы жылдарда кандагы гормондордун, ферменттердин жана башкалар химиялык бирикмелердин санын аныктоого мүмкүндүк берүүчү радио иммунологиялык изилдөөлөр кеңири таралууда. Эндоскопиялык изилдөө методдорунун (эзофагоскопия, гастроскопия, дуоденоскопия, колоноскопия) натыйжасында диагноздоо кыйла тереңдеди. Алардын жардамы менен кызыл өңгөчтүн, карындын, ичке жана жоон ичегинин былжырлуу кабыкчаларын кылдаттык менен көрүүгө, алардын дартка чалдыккан жерин, жараларды, шишиктерди, жабыркаган тамырларды, бөтөн денелерди жана башкалар табууга, ошондой эле лабораториялык, гистологиялык изилдөөгө зарыл материалдарды алууга болот. Эндоскопиялык изилдөө изилденген органдын функциясын бузбайт, бирок айрым жүрөк-кан тамыр жана мээнин катуу ооруларында жасоого болбойт.

Ультраүндүк диагноздоо аппараты тез өнүгүп, карындын, уйку безинин, боордун жана өт баштыкчасынын абалы жөнүндө баалуу маалымат алууга мүмкүндүк берүүдө. Бул метод жөнөкөйлүгү, коркунучсуздугу, колдонууга ыктуулугу, алынган маалыматтын тактыгы менен башка изилдөөлөргө салыштырганда баалуу. Ичегилердин тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, кыймылдоо функцияларын текшерүү анын маңызын, канды, заңды атайын изилдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Боордун иштешинин бузулушу анын функцияларын (пигмент, белок, май алмашуу ферменттердин өлчөмү, өт бөлүп чыгаруу жана башкалар) көрсөтүүчү-сыноо-байкоолор аркылуу аныкталат. Тамак сиңирүү системасынын ооруларын дарылоодо бир кыйла ийгиликтерге жетишилди. Инфекциялык, сезгенүү ооруларын дарылоо антибиотиктердин жана сезгенүүгө каршы көп дары-дармектин, кортикостероид гормондорунун жардамы менен бир кыйла натыйжалуу болуп калды. Фермент дары-дармектерин колдонуу тамак сиңирүүнүн оңолушуна, зат алмашуу процесстерине оң таасирин тийгизди.

Ичегилердин жана карындын секрет бөлүү, кыймылдоо функциялары бузулганда жакшы таасир берүүчү, боорго залал келтирүүчү агенттерден сактоочу дарылар сунуш кылынды. Буларды врачтын сунушу менен колдонуу керек. Өзүн өзү дарылаганда катуу оорунун белгилери убактылуу билинбей калып, өз учурунда туура диагноз коюуга жана туура дарылоого кедерги болот. Тамак сиңирүү системасы айрым ооруларын (тамак өтпөй же заң чыкпай калуу, ириңдөө, шишик, кан агуу жана башкалар) дарылоо хирургиялык жол менен гана жүргүзүлөт. Тамак сиңирүү системасынын өнөкөт ооруларын дарылоо адистештирилген курорттордо комплекстүү жүргүзүлүп, дары-дармек менен катар мүнөздөп тамактануу, минералдуу суулар, тийиштүү физиотерапиялык процедуралар жана башкалар факторлор оорудан айыгууга жакшы шарт түзөт. Айрым оорулуулар дарылануу деген ушу деп өз билгендерин жасай беришет.

Бул жаңылыштык. Капысынан колго тийген, кургап калган ар кандай өсүмдүктөр менен өз алдынча дарыланууга жана эмчи-домчуга түшүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин колдонуу да туура эмес. Аны өнөкөт гастрит, өзгөчө жара оорусу менен ооругандар колдонушат. Алкоголь адегенде оорутпоочу, оору сезимдерин басуучу касиетке ээ экендиги белгилүү, анын алдамчылык, жалган натыйжасы мына ушуга байланыштуу болсо керек. Мүнөздөп тамактануу ичеги-карыны ооругандар үчүн өтө маанилүү. Кээде оорулуулар мүнөздөп тамактанууга анча баа беришпей, алар ийне менен дарылоо, ичегилерди суу менен жуу (тазалоо) жана башкалар процедураларды ашыра баалашып, артынан түшүшөт. Мүнөздөп тамактануу оорулуунун туура диагнозуна ылайык түзүлүп, организмдин керектөөсүн камсыз кылуусу зарыл. Бардык учурда мүнөздөп тамактанууну ар бир оорулуунун жеке өзгөчөлүгүн эске алып врач дайындайт.

Тамактануу — организмдин тиричиликти, ден соолукту, ишке жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон азык заттарды сиңирүү процесси. Туура тамактанган адам ооруга аз чалдыгат жана тез сакаят. Ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана башкалар дарылоо максатында атайын тамактануу режими жана рацион түзүлөт (Шилтеме: Мүнөздөп тамактануу). Тамактануу организмдин ар тараптан өсүшүн жана иреттүү иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Ал үчүн тамак рациону, өлчөмү жана сапаты адамдын адистигине, жашына, жынысына ылайык талап кылынат.

Организмдин физиологиялык талабы бир катар шартка байланыштуу. Организм тамак-аш аркылуу тиричилик аракетине зарыл болгон белокторду, майларды, углеводдорду, ошондой эле биологиялык активдүү заттарды — витаминдерди жана минерал туздарды (Шилтеме: Минерал заттар) алат. Бул же тигил тамак азыгын сиңирүүдөн бөлүнүп чыккан энергиянын саны бул азыктын калориялуулугу деп аталат. Ар түрдүү тамак заттарын жана энергияны киши жынысына, жашына, иштеген ишине ылайык талап кылат. Белоктор тамак-аштын маанилүү составдык бөлүгүн түзөт. Тамак-ашта белоктордун жетишсиздигинен организм жугуштуу ооруларга туруктуулугун жоготот, кан пайда болуу басаңдайт, организмдин өсүшү кечеңдейт, нерв системасынын, боордун жана башкалар органдардын иши начарлайт, ооруп айыккандан кийин клеткалар көпкө калыбына келбейт. Ал эми белоктордун ашыкча болушу да организмге зыян.

Дан жана чанактуу өсүмдүктөр, картошка организмди белоктор менен камсыз кылууда негизги булак болуп саналат. Этте, балыкта экстративдүү заттар болгондуктан анын сорпосу тамак сиңирүүнү жакшыртат. Углеводдор. Киши организмдин нормалдуу жашоосуна зарыл болгон энергиянын жарымынан көбүн углеводдордон алат. Алар көбүнчө өсүмдүктөн алынган тамак - аштарда болот. Айрыкча крахмал түрүндө — нанда, акшакта, картошкада; кант түрүндө кантта, кондитер азыктарында, таттуу жемиш-мөмөлөрдө болот. Углеводдор булчуң, нерв системасы, жүрөк, боор жана башкалар органдардын иштөөсүндө өтө маанилүү. Углеводдор зат алмашуу процессинде да белгилүү роль ойнойт (Шилтеме: Зат жана энергия алмашуу).

Бирок кантты жогорку калориялуу тамак - аш менен кошо көп жегенде киши семирип кетет, атеросклерозго эрте дуушарланат жана ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Айрыкча улгайган кишилерге кантты ашыкча керектөөгө болбойт. Тамак-аш рационунда углевод белокторго караганда 4—5 эсе көп болуусу керек, бирок углевод энергияны сарптоого жараша талап кылынат. Чоң киши күнүнө эки маал кесмелүү, акшактуу, картошка же жашылча кошулган тамак ичип, 400— 500 г нан жана 90—100 гдай кант жесе жетиштүү болот. Өсүмдүк азыктарында углеводдордон башка да клетчатка бар. Алар ичегинин иштөөсүнө көмөктөшөт: ичегинин капталдарын дүүлүктүрүп, анын кыймылдоосуна — перистальтикага жардам берет. Клетчаткасыз тамак-аш ичүүдөн перистальтика начарлап, ич катат. Ошондуктан кара нан, чийки жашылча көбүрөөк жеш керек. Майлар организмге энергия берүүчү зат болуп эсептелет. Алар белокторду, айрым минерал туздарды, майда эрүүчү витаминдерди сиңирүүгө жардам берет.

Май тамактын даамын жакшыртып, табитти ачат. Майды керектөө кишинин жашына, мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жана климаттык шартка жараша болот. Тамакка түрдүү малдын, канаттуунун жана балык, сүт (көбүнчө ак жана сары май) майы, ошондой эле өсүмдүк (күн карама, зыгыр, жер жаңгак, зайтун жана башкалар) майы кошулат. Майдын сапаттык составы белгилүү роль ойнойт. Өсүмдүк майын күнүнө 20—25 г тамакка кошуу керек. Тамак рационуна май сымал заттар — холестерин жана лецитин кирет. Малдын майында, жумурткада, икрада, мээде, боордо, бөйрөктө болуучу холестерин организмдин, анын ичинде нерв системасынын иштөөсүндө маанилүү роль ойнойт. Лецитин организмдин өсүшүнө жардам берет, нерв системасынын, боордун ишин жакшыртат, кан пайда болууну күчөтөт, организмдин ууланууга туруктуулугун арттырат.

Майды жакшы сиңирип, атеросклероздун алдын алат. Лецитин гречка, буудай акшагында, буурчактарда, салатта көп болот. Минерал туздар бардык ткандардын составына кирет жана организмдин жашоо процессинде дайыма сарпталып турат. Адам минерал туздарды түрдүүчө керектейт. Организм жетиштүү тамактануудан эле минерал туздар менен камсыз боло алат. Алардын ичинен кайнатма тузду киши көп кабыл алат..

Тузсуз тамакты канчалык түрдүүлөп жесе да бат танат. Анын үстүнө кайнатма туз суюктукту канда жана ткандарда керектүү өлчөмдө кармап турат; ал заара бөлүп чыгарууга, нерв системасынын ишине, кан айланууга таасир тийгизет, карын безинде туз кислотасынын пайда болушуна катышат. Организмде бардыгы 300 гдай туз болот. Орто эсеп менен күнүнө 12 г туз желет, ал эми бир жылда адам 5,5 кгдай туз жейт. Организмдеги кальцийдин 99%и сөөк тканында болот, ошентсе да калган кальций түрдүү зат алмашууга кагышып, чоң мааниге ээ. Кальций тузу бардык тамак-ашта болот, бирок бардыгы эле сиңе бербейт. Ошондуктан организмди кальций тузу менен камсыз кылуу үчүн аны сиңире турган азыктарды, башкача айтканда сүт, сүт кычкыл азыктарын, сыр, жумуртканын сарысын жеш керек. Фосфор да организм үчүн пайдалуу. Ал сөөк тканынын пайда болуусунда катышат жана нерв тканынын составына кирет.

Фосфор жаңгакта, нанда, акшакта, этте, мээде, боордо, балыкта, жумурткада, сырда, сүттө көп болот. Магний тузу жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүндө мааниге ээ. Айрыкча улгайган адамдар үчүн пайдалуу, анткени ал организмден ашыкча холестериндин чыгышына көмөктөшөт. Магний тузу кесек ундун нанында, гречка жана арпа акшагында, деңиз балыгында көп болот. Калий заара бөлүп чыгарууну күчөткөндүктөн жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине жардам берет. Ал ашкабакта, кабакта, дарбызда, алмада, кургаган өрүктө, мейизде көп болгондуктан, жүрөк, гипертония ооруларынан жапа чеккендерге сунуш кылынат. Темир менен жезди организм көп талап кылбайт, суткасына граммдын миңден бир үлүшү керектелет. Бирок бул элементтер кан жаратууда маанилүү роль ойнойт.

Организм йодду да аз талап кылат, бирок анын жетишпегендигинен калкан сымал без жабыркап, эндемия богогуна чалдыктырат. Бул оорунун алдын алуу максатында жер кыртышында жана сууда йод болбогон райондордо жашагандар үчүн кайнатма тузга йод кошулат. Йод тузу деңиз балыктарында (треска, камбала, деңиз окуну), деңиз капустасында, крабда көп болот. Суу организмде энергия берүүчү заттарга кирбейт, бирок суусуз жашоого мүмкүн эмес. Чоң киши суткасына орто эсеп менен 2,5 лдей суу талап кылат.

Организмге тамак-аш менен келген жана жөн ичилген суунун өлчөмү климаттык шартка жана эмгектин түрүнө жараша өзгөрүлүп турат (Шилтеме: Суусун режими). Витаминдер тамак-аш рационунун зарыл жана алмаштырылгыс бөлүгү болуп саналат. Алар организмдин нормалдуу жашоосун камсыз кылат; башка азык заттарды сиңирүү процессине катышат, организмдин тышкы ар кандай терс таасирлерге туруктуулугун арттырат, адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Тамак-ашта витаминди сактоо үчүн аны туура даярдоо зарыл (Шилтеме: Тамак-аш даярдоо). Тамак сиңирүү азыктын түрүнө жана түрдүүлөп тамактанууга жараша болот. Малдан алынган азыктар жакшы сиңет, алар организмди белок менен камсыз кылат. Түрдүүлөп тамактануу пайдалуу, бир түрлүү тамакты иче берүү адамды тажатат, жакшы сиңбейт. Эт, нан, акшакты жегенде андагы белоктордун орто эсеп менен 75%и сиңет, эгер ага жашылча кошуп жесе 85—90%ин сиңирүүгө болот.

Тамакты жакшы, туура бышырып, майдалап жегенден да анын сиңимдүүлүгү артат. 4 маал, бир мезгилде тамактануу пайдалуу. Мында тамак сиңирүү органдарына көп күч келбейт. Дайыма бир мезгилде тамактануудан рефлекс пайда болуп, карын маңызы жетишерлик бөлүнүп чыгат. Төрт маал тамактанууну ар ким өз күн тартибине карата түзүп ала алат, бирок кечкисин уктардан 2—3 саат мурда тамактануу керек. Тамак жакшы сиңүү үчүн анын температурасына да көңүл буруу зарыл, ысык тамак 50—60°тан ашпоого, муздак тамак 10°тан төмөн болбоого тийиш.

Улгайган адамдардын тамактануусу. 60 жаштагы жана андан өткөн адамдардын зат алмашуусу солгундайт. Алар тамак сиңирүү органдарына, жүрөк-кан тамыр жана заара бөлүп чыгаруу системасына күч келтирбегендей тамактануусу, башкача айтканда ынак сорпо, өткүл татымал, майлуу, туздуу тамакты азайтуусу зарыл. Бул куракта сүт азыктары, жашылча-жемиш пайдалуу. Кош бойлуу аялдын тамактануусу. Кош бойлуу аялдар белокторду, майды, кальцийди, фосфорду көбүрөөк талап кылат. Иштеген ишине жана салмагына жараша ал суткасына 100дөн 120 гга чейин белок алууга тийиш.

Бул үчүн сүт, быштак, сыр, балык, эт азыктарын көп жеш керек. Кош бойлуу аялдын тамагы витаминге бай болушу зарыл. Бул учурда ал темирге муктаж болот, ошол себептүү боор, жумуртканын сарысы, жашылча-жемишти көп жегени оң. Тузду аз пайдалануу керек; семирбес үчүн майды жана углеводду да өлчөмү менен жегени оң. Бала эмизген аял кош бойлуу кезине караганда тамакты көбүрөөк жешке туура келет. Сүттү көп ичүү, жумуртка, май, сыр, жашылча, жемиш жеш пайдалуу. Бирок семирбес үчүн өз салмагына көз салуу керек, аял төрөгөндөн 2 айдан кийин мурунку калыбына келүүгө тийиш.

Баланын тамактануусу. Баланын тамагы анын жашына ылайык тандалышы керек. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин жана акыл - эсинин өсүшүнө терс таасир тийгизет. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарп кылуусунун (көп кыймылдоонун) натыйжасында анын организми белок менен калориялуу азыкты көп талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жумуртка, сүт азыктарын жетишерлик кабыл алуусу өтө маанилүү. Бала майды көбүнчө ак майдан жана сүт азыктарынан эле жетишерлик алат. Углевод балага өтө керек, ал энергия булагы болуп эсептелет. Углевод мөмө-жемиште көп, айрыкча сүттөгү лактоза углеводу балдар үчүн өтө маанилүү.

Бирок углеводдун ашыкча болушунан организмде зат алмашуу бузулат, ооруга туруксуз болуп, семирип кетиши ыктымал. Витаминдүү жана минералдуу тамак-аш балага өтө керек. Баланы режим менен тамактандырууга көндүрүү маанилүү. Мектепке чейинки баланы күнүнө 5 маал, ал эми окуучулар 4 маал тамактанууга тийиш. Дарылоо-профилактикалык тамактануу.

Айрым өндүрүштө иштеген адистерге организмди чыңдоо, тышкы чөйрөнүн терс таасирине чыдамкайлыгын арттыруу, зат алмашууну жана органдар менен системалардын ишин жакшыртуу максатында акысыз дарылоо-профилактикалык тамак берүү каралган. Буга ылайык атайын рациондор иштелип чыккан, тамак азыктарынын тизмеси түзүлгөн жана өндүрүштүн зыяндуулугунун организмге таасирине жараша витамин препараттарын берүү нормасы бекитилген. Айрым өндүрүштө иштегендерге акысыз кошумча витамин берилет. Мисалы, организмге фтор, хлор, хром, циан бирикмелери жана жегич металлдын таасири бар өндүрүштөгүлөргө А витамини (2 мг); мышьяк, теллур, тетраэтил, коргошун, бромдуу углеводдор, күкүрттүү көмүртек (көмүртек сульфиди), тиофос, сымап, марганец таасир эткенде В витамин (4 мг) берилет. Өтө ысык жерде иштегендер, нан бышыруучуларга жана башкалар күнүнө А (2 мг), В, (3 мг), В2 (3 мг), С (150 мг), РР (20 мг) витаминдери берилет. Дарылоо-профилактикалык тамактар өнөр жай ишканаларынын ашканаларында же администрация менен макулдашылып, атайын мүнөз тамак ашканаларында даярдалып берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)