Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак аштагы азык заттардын жана энергиянын өлчөмүн аныктоо

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак аштагы азык заттардын жана энергиянын өлчөмүн аныктоо

Экинчи таблицада 100 грамм тамактагы азык заттардын саны берилген. Ушул эки таблицадагы сандарды колдонуп 3 жаштагы баланын тамак-ашындагы азык заттардын юлчөмүн санаса болот, мисалы: эртең мененки тамакта 200 грамм ботко берилет, анын үчтөн эки бөлүгүн күрүч же таруу ээлейт, санаганда 67 грамм. Жогорудагы таблицадагы 100 грамм тарууда 8,1 грамм белок, 22 грамм май, 63,7 грамм углевод бар экендиги көрсөтүлгөн. Ошондо 67 грамм тарууда кандай азык зат канча өлчөмдө болоорун санай аласыңар. Суюк тамактарды эске албасаңар болот, себеби негизинен алар аркылуу бала организминдеги сууну толуктайт. Бардык тамактагы белоктордун, майлардын, углеводдордун өлчөмүн билгенден кийин белоктордун өлчөмүн же майлардын өлчөмүн бири-бирине кошуп бир күндө баланын белгилүү азык заттарынын кабыл алуу көлөмүн билесиңер. Андан алынган сандарды төмөндөгү таблицада берилген сандар менен салыштырып 3 жашар балага белок, май, углевод жетиштүүбү же жетишсизби, жыйынтык чыгарасыңар.

Тамак-аш 100г тамак-аштагы болжол менен азык заттардын саны (грамм) 100г энергиялык баасы(кДж)
БелокМайУглевод
Кара буудайдын наны5,40,639,3771,6
Буудай наны5,70,456,01076,9
Таруу8,12,263,71320,9
Күрүч6,51,877,71518,6
Картөшкө1,30,118,5334,5
Буурчак19,33,250,31322,3
Сабиз0,70,27,4147,1
Капуста1,10,14,193,3
Помидор0,70,23,046,9
Бадыраң0,70,11,846,9
Алма0,2-10,9190,9
Өсүмдүк майы-97,8-3824,0
Кумшекер--98,21689,0
Орто майлуу уй эти19,08,0-639,6
Боор16,73,72,7478,2
Балык (сазан)8,61,2-194,8
Уйдун сүтү3,13,44,9270,6
Каймак3,330,22,51280,6
Ак май0,579,30,43166,1
Сары май-94,02,03675,4
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн белокко, майга жана углеводдорго болгон күнүмдүк муктаждыгы (грамм менен)
ЖашыБелокторМайларУглеводдор
БардыгыЖаныбарларБардыгыӨсүмдүктөр
6 айдан 1 жакша чейин2520-2525-113
1 жаштан 1,5 жакша чейин483648-160
1,5жаштан 2 жакша чейин5340535192
3 жаштан 4 жакша чейин6344638233
5 жаштан 6 жакша чейин72477211252
7 жаштан 10 жакша чейин80488015324
11 жаштан 13 жакша чейин96589618382
14 жаштан 17 жакша чейин (өспүрүм балдар)1066410620422
14 жаштан 17 жакша чейин (өспүрүм кыздар)93569320367

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 808, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу