Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Тамак-аш концентраты

Тамак-аш концентраты — тамак-аш азыктарынын аралашмасы; тамакты тез жана жөнөкөй даярдоодо колдонулат. Ага кирүүчү азыктар жегенге жараксыз катуу бөлүктөрүнөн тазартылып, майдаланат, бышырылып кургатылат, кээде пресстелет. Алар мыкты азык зат, жакшы сиңет, андан жасалган тамак даамдуу келет. Концентраттар көпкө сакталат, ташып жүрүүгө ыңгайлуу, ошондуктан экспедиция, талаа шарттарында пайдаланууга ыңгайлуу. Өнөр жайда даярдалган Т.-а. к-на эртең мененки кургак тамактар, биринчи жана экинчи тамак, таттуу тамактар, ундан даярдалуучу кондитер азыктары үчүн концентраттар, сүт концентраттары кирет. Балдарга арналган жана мүнөз тамактары үчүн атайын концентраттар да даярдалат. Эртең мененки кургак тамактарга атайылап даярдалган түрдүү акшактар (талкан, жүгөрү, буудай, күрүчтөн даярдалган) кирет. Түшкү тамак үчүн концентраттар жашылча, буурчак, акшак, макарондор, козу карын жана башкалар аралашма азыктардан даярдалат. Рецебине жараша ага эт, май, туз, татымалдар кошулат.

Концентраттардын аш болумдуулугун жана даамын жакшыртуу максатында алардын айрымдарына натрий глутаматы жана белок гидролизаттары кошулат. Т-а. Шилтеме: көбүнчө жылчыксыз жабылган идишке салынат. Идишке концентраттын составы, даярдоо ыкмасы, сактоо мөөнөтү жазылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)