Тамак-аш инженерлиги

Тамак-аш деген сөздүн мааниси түшүнүктүү, бул адамдын организмине биологиялык, пластикалык жана энергетикалык жактан керектүү болуп, жаратылыштан алынып, чийки же кайра иштетилип ооз көңдөйү аркылуу кабыл алынган заттарды айтабыз. Бул жердеги биологиялык, пластикалык жана энергетикалык жактан керектүү дегенди түшүндүрө кетели: биологиялык жактан керектүү заттар булар – тамак-аштын курамындагы адам биологиялык жактан тирүү болуп өз функциясын аткарышына керектүү заттарды айтабыз, аларга витаминдер, керектүү минералдар, алмаштырылгыс аминокислоталар (белоктордун курамында), поликаныкпаган майлуу кислоталар (көбүнчө суюк майларда), кээ бир углеводдор жана суу киришет. Экинчиси, пластикалык жактан керектүү заттар адамдын органдарындагы клеткалардагы заттарды алмаштыруучу заттар, булар көбүнчө белоктор, азыраак майлар, минералдар жана эң аз углеводдор, биологиялык активдүү заттар сууда эриген же эмульсияланган абалда болушат. үчүнчүсү, энергетикалык жактан керектүү заттар, булар бизге күч кубат жана жылуулук (организмди 36°С кармап туруу үчүн) берүүчү заттар, негизинен майлар, углеводдор жана белоктор. Булардын бары бири-бири менен байланышта жана жалпысынан биздин тамак-ашты түзүшөт. Инженерлик (инженер, франц. ingénieur, лат. ingenium – жөндөмдүүлүк, ойлоп табуучулук, жогорку техникалык билимдүү адис) англ. engineering же итал. ingegneria – инженер иши же искусствосу дегенди билдирет. Демек тамак-аш инженерлиги деген тамак азыктарын чийкизаттардан алуу үчүн техника, машина жана ыкмаларды колдонуу, ойлоп табуу жана инженердик эсептөөлөрдүн негизинде машиналарды, жабдыктарды, аппараттарды конструкциялоо.

Тамак-аш инженерлиги илиминин жана тамак-аш өндүрүшүнүн

Тамак-аш инжинерлигинин тарыхы байыркы эле замандардан башталат, мисалы, мындан 6000 миң жыл мурда эле нан өндүрүшүндө унду алуу үчүн таш жаргылчак жана аны элөө үчүн электерди колдонушкан, жана дагы бир мисал пиво же бозо өндүрүшүндө байыртадан бери эле фильтрлөө үчүн ар түрдүү элементардык чыпкаларды колдонушкан. Кийинчерээк жүзүмдүн ширесин алуу үчүн жыгач пресстерди колдонушкан. Тамак-аш өндүрүшү дагы байыркы эле заманда тамак-ашты сатуу үчүн даярдоо жана жоокерлерге согуш учурунда массалык тамак-аш даярдоодо тамак азыктарын өндүрүштүк деңгээлде даярдашкан. Байыркы Египет, Вавилон, Ассирия, Орто Азия шараптын мекени болгон, бул жерлерде мындан 5-7 миң жыл мурда эле шарап жасашкан, ошол сыяктуу эле бозону (пивонун атасы) Борбордук Азияда жана Эки дарыя аралыгында (Эфрат жана Тигр) шумерлер жасашкан. Шоколады 3000 жыл мурда эле Мексика булуңунун жээгинде жашашкан ольмектер жапайы какао дарагынын данын тамак-аш катары колдонушкан, кийин алардын ордуна Майя цивилизациясы келип алар какао дарагын багып өстүрүшкөн жана анын куурулуп майдаланган данына бал, ванил ж. б. кошушуп даамдуу ичимдик жасашкан, андан кийин ацтектер Христофор Колумб келгенче (1502-жыл) шоколад жасашкан. Кийин бул кондитер азыгы Европага алынып келинип, корольдордун азыгы болгон, ал эми 18-кылымда өнөр жайлык масштабда өндүрүлө баштаган. Этил спирти кармаган азыктардан спиртти дистилляциялап алууну биринчи жолу түрк тилдүү элдер (кээ бир булактар боюнча монголдор же кытайлар деп да жүрөт) 12-кылымда кымыздан жана бозодон спирт алышкан. Тамак-аш инженерлиги кайра жаралуу заманында (17-кылымда) жакшы өнүгө баштады, мында металл өндүрүшү өрчүп чийкизаттарды кайра иштетүү үчүн ар кандай машиналар жана аппараттарды ойлоп табышкан жана конструкциялашкан, жана дагы эмгекти бөлүштүрүүнүн натыйжасында чакан тамак-аш жасоочу ишканалар (коомдук тамак-аш жайлары, навайканалар, пиво, шарап, сыр өндүрүүчү) пайда боло баштаган. 1673-жылы голландиялык айнек жылмалоочу Антони ван Левенгук өзүнүн жасаган лупаларынын (микроскоп) жардамы менен биринчи жолу микроорганизмдерди суунун ичинен көргөн. Эттин микроскоптук структурасын, сүттүн тамчысын микроскоп аркылуу көрүп түшүндүрүп жазган. Бул болсо микробиологиялык процесстердин (камыр ачытуу, пиво, шарап, спирт ачытуу, сүт кычкыл азыктарын ачытуу ж. б.) илимий негизин түзүүгө жана алардын өндүрүшүнө чоң түрткү болгон. 1747 жылы Германиялык окумуштуу-химик Андреас Маргграф биринчи жолу кызылчадан кант алган. Кант өнөр жайы андан кийин жүз жылдан кийин пайда болгон. 20-чы кылымдын башында Германиянын кант өнөр жайы эң алдыңкы орунда болгон. 19-кылымдын башында Францияда Наполеондун согуштук пландары боюнча, аскерлерине үзгүлтүксүз тамак-аш жеткирүү үчүн, жаңы жасалган тамак-азыгын ошол бойдон сактоо үчүн конкурс жарыяланган жана ошол учурда биринчи консерва ойлоп табылган. Буга чейин капуса ачытуу, бадыраң же помидор туздоо, этти кургатып сактоо ж. б. ыкмалар белгилүү болгон, бирок банканын ичинде консервалоону 1810-жылы француз повар Николя Аппер биринчи жолу ойлоп тапкан. Ошол эле жылы англичанин Питер Дьюренд темир жана калайдан жасалган банканы ойлоп тапкан. 1857-жылы франциялык Луи Пастер ачытуу процесстери микроорганизмдердин түздөн түз аракеттеринин натыйжасында өтөөрүн далилдеген. Шараптын бузулуп кетишин алдына алуу үчүн аны пастерлөөнү (пастеризация) биринчи жолу сунуш кылган. 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында дүйнөдө чыныгы тамак-аш индустриясы пайда болгон, ал үзгүлтүксүз иштөөчү жабдыктар, машина жана аппараттардын пайда болушу менен дүркүрөп өстү, азыркы кезде тамак-аш өнөр жайы бир нече тармактардан турат: • Нан жана нан азыктар тармагы, • Ун, макарон жана акшак азыктары тармагы, • Эт жана эт азыктары тармагы, • Сүт жана сүт азыктары тармагы, • Консерва жана тамак-аш концентраттар тармагы, • Алкоголь жана ачытылган ичимдиктер тармагы, • Алкоголсуз суусундук ичимдиктер тармагы, • Кант, крахмал жана канттуу азыктар тармагы, • Кондитер азыктары тармагы, • Май жана майонез өндүрүү тармагы, • Балык жана деңиз азыктары тармагы, • Эмчектеги балдар жана жаш балдар үчүн тамак азыктары тармагы ж. б. тармактар. Кыргызстанда бул тармактардын дээрлик бардыгы бар, бирок кээ бирлери жакшы, кээ бирлери начар өнүккөн. Мисалы, балык жана деңиз азыктары тармагы жокко эсе, мындан башка дагы эмчектеги балдар жана жаш балдар үчүн тамак азыктарын чыгаруу тармагы жок. Биотехнологиянын ыкмаларын колдонуп жаңы чийкизаттар, жаңы даяр азыктары пайда болууда, мисалы, генетикалык модификацияланган азыктар, микроорганизмдерден алынган азыктар ж. б. --Ниязмат (talk) 06:59, 6 Декабрь (Бештин айы) 2014 (UTC)--Ниязмат (talk) 06:59, 6 Декабрь (Бештин айы) 2014 (UTC)

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)