Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак-аш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тамак-аш

Кечээ, бүгүн жана эртең, өмүр бою тамак жегенсиңер жана жейсиңер, ичесиңер. Тамак-аш өтө ар кыл. Алар бизге жетишерлик санда белок, май, углевод, минерал заттар, түрдүү витаминдерди жана сууну берүүсү керек. Белок тооктун жумурткасында болорун билесиңер. Сыр менен быштак да дээрлик белоктон турат. Этте, балыкта да белок көп. Бир үзүм камырды алып, аны сууга аралаштырып көргүлө. Колуңарда жабышкак, резинадай чоюлган томолок масса калат.

Бул ундун белогу. Белокту окумуштуулар протеин деп аташкан, грекче ал «биринчи орунду ээлөөчү» дегенди билдирет. Чынында эле белоксуз жашоо мүмкүн эмес. Дененин бардык клеткалары белоктон турат. Ал эми майларчы? Алар да ар түрдүү болот: ак май, койдун майы, жылкынын казысы.

Ошондой эле суюк өсүмдүк майы - зайтун, пахта, күн карама, бадам майы да бар. Тамактын үчүнчү курамдык бөлүгү - углеводдор. Бул силерге жакшы тааныш крахмал менен кант. Боткодо, нанда, картошкада, жемиш, мөмө, жашылчада углевод көп. Организмге май жана углевод эрип, көмүр кислотасына жана сууга айланат да, биздин органдарыбыз менен булчуңдарыбыздын иштөөсү үчүн керектүү энергияны берет. Алар канчалык көп иштесе, ага май, айрыкча углевод ошончо көп керек. Минерал заттар дененин бардык органдарында, ткандарында жана суюктуктарында бар. Дененин бир да органы, бир да клеткасы натрийсиз, калийсиз, кальцийсиз, фосфорсуз жана башка минералдык заттарсыз жашай албайт. Адатта алар туздун курамына кирет, мисалы натрий менен хлор кайнатма туздун курамына кирет, андан тышкары белок жана башка татаал бирикмелердин курамында да болот. Витаминдер жашылча жана жемиште, сүттө, этте жана башка азык-түлүктө болот.

Алар организмдин клеткаларынын нормалдуу иштөөсүн камсыз кылат. Ал эми суу суткасына эки литрден кем эмес талап кылынат: биздин денебиздин болжол менен 2/3 бөлүгү суудан турат. Эгер анын запасын калыбына келтирип турбаса, 3-4 күндөн кийин адам жок болот. Адам бир күндө канча тамак-аш жеши керек? 100 грамм белок, 85 грамм май, 400 грамм углевод жетиштүү.

Эгер тамак-ашыңар ар түрдүү болсо, анда организмиңер минералдык заттар жана витаминдер менен камсыз болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1793, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу