Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Талып Байболот уулу

Баш барак | Биографиялар | Талып Байболот уулу

Талып Байболот уулуЖыргалбай, Талып Молдо (1849, Чырак айылы, азыркы Жети-Өгүз району -1949, ошол эле жер) - кыргыз этнографы, эл агартуучу, саякатчы. Анын атасы Мекеге барып, кайткан эмес. Жыргалбай мусулман миссионерлеринин таасири менен чоңойгон. Бала чагында соодагерлердин кербени менен Анжиянга келет, ал жерден тааныш миссионер аны Самарканга окутуу үчүн жашырып алып кетет. Андан кийин Бухарага келип, ал жерде 6—7 жыл китепканада болуп, араб, перс тилдерин үйрөнөт.

Бухара динчилери Жыргалбай ислам окууларын терең өздөнггүргөнүнө баа берип, ага «Абу Муталиб» (арабча «Изилдөөнүн атасы») деген ат берген. Кыргыздардын арасында Талып Молдо аталып кеткен. Талып Молдо Ысык-Көлгө келип (8—10 жылдан кийин), коомдукагартуу инггерин жасап, мугалимдик кылып кыргыздардын тарыхын, үрпадатын, оозеки чыгармачылыгын, уруулар менен уруктардын карым-катыштарын изилдейт. Дыйкандарга жер берүү, отурукташуу маселелерине, ошондой эле ак жерден кордук көргөндөргө көмөк көрсөтүп, карапайым элге жардам берет.

Чырак айлын негиздеген. Ал ар тараптуу жана кенен билимдүү болгон, көп тил билген (анын ичинде орус тилин да), берген сабактарында глобус, карта пайдаланып, химиялык тажрыйбаларды жасап, чыгынггын поэзиясын изилдеген. Устачылык кылган (боз. үйдүн жыгачтарын жасаган). 1916-жылы көтөрүлүш басылгандан кийин, Чыгыш Түркстанга кетип, 1919-жылы кайтып келген. Эмиграциянын мезгилинде Кашкар, Ак-Суу, Таримдин өрөөнүнөн Лобнорго чейин жеткен.

Совет мезгилинде «Эркин Тоо» газетасына кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү маселелери боюнча макалаларды жазган. Анын изилдөөлөрү, айтуулары боюнча 1939—40-жылы айыл Убукеев тарабынан «Кыргыз, кыргыздын түпкү теги, уруучулук курулушу, түрдүү салттары» деген тарыхый этнографиялык эмгек жаралган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1089, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу