Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Таллий

Таллий (латын тилинен Thallium),– Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIА группа элементи, к. н. 81, ат. м. 204,37. Т. жаратылышта эки туруктуу изотобу бар: 203 Tl (29,50%) 205Tl (70,50%) турат. Андан тышкары бир топ радиоактивдүү изотоптору белгилүү: 206Tl (Т1/2 =4,19 мин), 207Tl (Т1/2 =3,79 мин), 208Tl (T1/2 =3,1 мин), 210Tl (T1/2 =1,82 мин). Уран, торий жана актиний радиоактивдүү минералдары менен бирге кездешет. Т-ди 1861-ж. У. Крукс ачкан. Жер кыртышында м. боюнча 3 ×10-4%. Марказит, сфалерит, вюрцит, галенит, пирит минералдары курамында кездешет. Т. – бозомтук күмүш түстөгү ак металл, абада тез окисиенет. Атм. басымда Т. металлы эки кристаллдуу модификациясы a жана b формасы бар. Жогорку басымда g формасы да пайда болот. химимялык бирикмелери 1, 3 валенттүү. 1 валенттүү бирикмелери туруктуу келип, касиеттери щелочтуу металлдарга окшош болот. Азот, күкүрт к-таларында жакшы, туз к-тасында начар эрийт. Щелочтор менен аракеттенбейт. N 2, NH3, CO2 заттары менен реакцияга кирбейт. Галогендер менен абдан жеңил аракеттенет, ал эми күкүрт жана фосфор менен ысытканда гана аракеттенет. Т. түстүү металлдар сульфиддик тоо-тектерин иштетүүдө бөлүнүп алынат. Таллий амальгамалар даярдоодо, катализатор катарында колдонулат. Галогендери монокристаллдары оптикалык приборлор, карбонаттары оптикалык айнектер, сульфиди фото элементтер жасоодо колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)