Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Талканбаев Токтораалы

Токтораалы Талканбаев - кыргыз элинин жазгыч акындарынын бири.

Ал 1869-жылы азыркы Сокулук районуна караштуу Токбай айылында кедей адамдын үй-бүлөөсүндө туулган. Көпчүлүк кедей-кембагалдардын балдары сыяктуу эле ал да байлардын колунда көптөгөн жылдар бою малай жүрүп, ар кандайкордоо, жемелерди баштан өткөргөн.

Анын ырлары Октябрь революциясынан кийин өзүтарабынан кагазга түшүрүлүп,20-жылдарда республиканын билим комиссиясына тапшырылган. Айрымдары "Эркин тоо","Кызыл Кыргызстан" газетасында, акын, ырчыларга арналган эң алгачкы "Кызыл гүл" аттуу жыйнакта жарык көргөн. Чыгармаларынын мазмунун ошол мезгилдеги окуялар, социалисттик курулуштун түрдүү процесстери түзгөн. Токтораалы Талканбаевдин ыр чыгарып, акын болушуна түрткү болгон эң негизги өбөлгө теңчиликсиз замандагы акындын өз башынан кечирген турмуштун оор шарты болгон."Бай-манаптар тууралуу","Илгеркиини куулары","Калайык-калктын турмушу жөнүндө" сыяктуу ырларында эзүүчү таптардын карапайым элге жасаган адилетсиз мамилелерин ашкерелеген. Акындын поэзиясынын алгачкы азыктанган башаты кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгы: арман, үгүт - насыят ырлары болгон. Ал жалаң кыргыз элинин эмес, башка чыгыш элдеринин адабияты менен да кеңири тааныш болгон. Өзгөчө акындын ырларынан араб, чагатай адабиятынын айрым белгилери, казак, өзбек тилиндеги сөздөрдүн өзгөртүүсүз колдонулушу кездешет. Бирок ал өз элине "Молдо Токтораалы" деп аталганы менен кожо-молдо сыяктуу дин өкүлдөрү менен пикири келишкен эмес. Акын Тоголок Молдо сыяктуу элдин кайгысы жана кубанычы менен жашаган. Өз башынан өткөндөрдү жазып келип, ал минтип эскерген:"Залим бай-манап, сүткөрдөн көрбөгөн жапан калган жок. Ошондо жашым 40 та эле, кожону азыраак казал кылып жазган сөзүм бул болчу: "Акыр заман кожосу Назир-нияз олжосу Ак буудайды тааныбай, Чачып кетип жолдошу, Ат бергенге кол берет Теңге жайып бергенге Араңдан зорго жол берет.-десем окуп алышып, кожомо шек келтирип каапыр болдуң дешип, куугунтукташкан".Совет бийлигинин алгачкы мезгилдеринде (1920-1930-жылдарда) "Кедейлерге","Колхозчу дыйкандарга насыят","Өзгөрүш","Турмуш тууралуу","Эне тил менен өлөң" деген ырларында эски менен жаңы турмушту салыштырып жазган. Ал эми "Биздин жер","Башы бийик Ала-Тоо",деген чыгармасында кыргыз жергесинин керемет табиятын, жаратылышын түркүн айбанаттарга, карагайчерге, чалкайган көлгө, кенге бай экендигин сүрөттөгөн. Философиялык ойдогу "Эмне карып"деген ырында "Бул заманда эмне карып?" деген суроо коюп, аны мындай чечмелеген:"Айдалбаса жер, байкап сырын билбесе эр, мал жебесе чөп, ынтымагы болбосо көп карып, айтканын кабыл кылбаса акылы бар адам, семиз багып минбесе ат карып, окубаса жаш адам да карып" боло турганын эскертет. Жыйынтыктап айтканда, жазгыч акындын поэтикалык дүйнөсү кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолу менен тыгыз байланыштуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)