Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Талдыбулак-сол жээк алтын кени

Талдыбулак-сол жээк алтын кени Чүй облусунун Кемин районунда, Орловка шаарчасынан 12 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышындагы Көкжон тоосунда, Талдыбулак суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1700–2300 м бийиктикте. 1977–90-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы протерозойдун лейкократтуу мигматит-граниттеринин, девон-карбондун монцонит-диориттүү порфирлери менен жирелген протерозойдун слюдалуу сланецтери, гранит-гнейстери, гнейс-граниттери, жашыл сланецтери, амфиболиттер жана мигматиттерден түзүлгөн. Рудалануу талкаланган, листвениттешкен, метаморфизмделген тектердин тектоникалык жылышуу зонасы менен байланышкан. Руда гидротермдик процесстердин натыйжасында пайда болуп, тарам жана минералдашкан зона тибине, алтын-сульфид формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: нукура алтын, пирит, халькопирит, галенит, арсенопирит, сфалерит жана түссүз рудалар. Алтындан башка рудадан күмүш жана күкүрттү бөлүп алууга болот. Алтындын орточо өлчөмү 6,1 г/т, күмүштүкү – 5,56 г/т. Руданын запасы жана ресурсу 16209,0 миң т, алтындыкы – 99 т, күмүштүкү – 65,6 т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)