Талас облусу

Талас облусу

"Талас облусу" Кыргыз Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан. Талас өрөөнүн ээлейт. Түндүк жана батышынан Казакстан, батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Жалал-Абад, чыгышынан Чүй облустары менен чектешет. 1944-ж. 22-июнда уюшулуп, борбору Талас шаары болгон. 1956-жылдан 1962-жылга чейин Фрунзе облусунун курамында, 1962-1979-ж. жана 1988-1990-ж. республикага түз баш ийдирилген; 1980-1988-ж. Талас облусу (курамына Токтогул району да кирген). 1990-ж. 14-декабрда кайра облус болуп түзүлгөн. Курамына Талас (борбору - Көк-Ой айлы), Бакай-Ата (Бакай-Ата), Кара-Буура (Кызыл-Адыр), Манас (Покровка) райондору, Талас шаары, Маймак шаарчасы, 35 айыл өкмөтү жана 90 айыл кирет. Аянты 11,4 миң чарчы чакырым (республиканын аянтынын 5,7%). Калкы 199,9 миң (1999-ж. эл каттоо боюнча); республиканын калкынын 4,1%ин түзөт. Бул жалпы маалымат болду, эми, талас облусу кыргызча кененирээк билип алалы.

Талас облусунун картасы

Талас облусу карта

Макала мазмуну:

  1. Табияты
  2. Талас облусунун климаты.
  3. Суулары
  4. Монгулору
  5. Топурагы
  6. Өсүмдүктөрү
  7. Калкы
  8. Экономикасы
  9. Транспорт
  10. Маданий турмушу
  11. Кошумча шилтемелер

Табияты. Облустун аймагындагы Талас өрөөнү өзүнүн түзүлүшү боюнча үч бурчтукка окшоп кетет, анын төрү Талас жана Кыргыз Ала-Тоолорунун тутумдашкан жериндеги Ак-Суу тоо тоомуна такалат. Ал эми батышты карай өрөөн кеңейип, түндүк-батышта Турандын чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактары менен чектелет. Талас өрөөнү жана аны курчап турган тоо кырлары тоолуу, тоо этектериндеги жантайыңкы түздүктүү жана түздүктүү морфологиялык комплекстерди түзөт.

Талас жана Кыргыз Ала-Тоосунун рельефинин түзүлүшү татаал. Алар кембрийге чейинки жана палеозойдун тоо тектеринен туруп, бийик тоолуу структуралык-денудациялык, орто жана жапыз тоолуу структуралык-эрозиялык рельефтин типтерин пайда кылат. Талас Ала-Тоосунун тоо этектеринде палеоген жана неоген мезгилдеринде пайда болгон тектоникалык, эрозиялык, аккумуляциялык рельефтин типтери - адырлар, чаптар кеңири таралган. Түзөңүрөөк бөлүгүндө аллювий, пролювий тектеринен түзүлгөн тик капталдуу, таманы айдаш тартып жаткан өтөк жерлер, бир аз эңкейиш түздүктөрү кезигет.

Талас облусунун климаты. Талас өрөөнү мелүүн климаттык алкакта жатат. Өрөөндүн дээрлик туш тарабы тоо кыркалар менен курчалып турушу, татаал түзүлүштөгү рельефи анда кургакчыл, континенттик климаттын болушуна шарт түзөт. Июлдун орточо температурасы 15-25°С, январдыкы -6... -14°Сди түзөт. Температуранын суммасы 3150-3400°С. Ал эми 1400 т бийиктикте 2500° Сге барабар. Аязсыз мезгил 157-163 күнгө созулат. Өрөөндүн батышынан чыгышын карай жана тоо этектеринен тоо капталдарына өрдөгөн сайын жаан-чачындын өлчөмүнүн өсүшү байкалат. Жылдык жаан-чачыны 300-400 мм. Өрөөндө жаан-чачындын басымдуу бөлүгү апрель-май, ал эми тоо капталдарында май-июнда жаайт. Жай айлары кургакчыл. Туруктуу кар катмары түздүктөрдө декабрда, тоо этектеринде ноябрдын ортосунда пайда болот. талас облусунун географиялык абалы жонундо маалымат азыраак болгонуна байланыштуу, бул макалага кирбей калды.

Суулары. Ири дарыясы - Талас, ал Каракол жана Үч-Кошой сууларынын кошулушунан пайда болуп, батышты карай агып, Моюн-Кумдун чөлдөрүнө сиңип жок болот. Ири куймалары: Үрмарал, Кара-Буура, Кеңкол, Беш-Таш, Күмүштак, Нылды, Калба ж.б. Өрөөндүн батышында Асса суусунун оң курамы Күркүрөө суусу агат. Облустун аймагында көл аз. Эң ириси - Беш-Таш, ал бөгөт көлдөрүнө кирет.

Талас облусу

Монгулору. Мөңгүлөрүнүн басымдуу бөлүгү Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Мөңгүлөрдүн жалпы саны 281, аянты 164,4 чарчы чакырым эң ирилери: Вокруг Света (6,8 чарчы чакырым), Манас (6,4 чарчы чакырым), Музбел (3,6 чарчы чакырым), Күрүчко (3,8 чарчы чакырым), Ак-Таштуу (3,6 чарчы чакырым).

Топурагы. Талас өрөөнүнүн топурагы түздүктүү аймакта кеңдик, тоолордо бийиктик боюнча өзгөрөт. Түздүктүү аймакка (700-1100 м бийиктикте) түздүктүн кадимки боз топурактары, жарым чөлдүү талааларга (1100-1600 м), жапыз жана айдөш тоо этектерине тоо өрөөндөрдүн коңур топурактары мүнөздүү. Тоонун ачык коңур жана кара коңур топурагы деңиз деңгээлинен 1400- 2100 м, кара топурактары 2200-2600 м бийиктикте жатат. Тоонун каралжын күңүрт түстөгү токой топурактары токой массивдеринде өөрчүгөн. Шалбаалуу субальп топурагы деңиз деңгээлинен 2800-3100 м бийиктикте болсо, субальп шалбаалуу талаа топурагы 2700-3400 м бийиктикте тоо кыркаларынын түштүк, түштүк-батыш жана чыгыш капталдарында кезигет. Альп шалбаа топурагы деңиз деңгээлинен 3100- 4300 м бийиктикте таралган.

Өсүмдүктөрү. Өсүмдүктөрдүн өсүшү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине баш ийет. Чөл өсүмдүктөрү өрөөндүн чегинде 700-1200 м бийиктиктеги түзөндөрдө өсөт. Өсүмдүктөрүн негизинен шыбак түзөт. Негизинен теңир-тоо шыбагы, ала-тоо төө таманы, жамбыл тыйын чанагы, тикенектүү эспарцет кезигет. Эфемер жана эфемероид өсүмдүктөрү жаз мезгилинде басымдуулук кылат, ал эми жайында негизинен шыбак калат. Талаа өсүмдүктөрү деңиз деңгээлинен 1300- 2300м бийиктиктерде, жапыз жана орто бийиктиктеги тоолордо кеңири таралган. Өрөөндүн аймагында талаа өсүмдүктөрүнүн 40тан ашык түрү кезигет.

Алардын ичинен ак кылкан, бетеге, ыраң, шыбак, коңур баш, кызыл от өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Айрым жерлерде бадалдар кеңири таралган. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өрөөндүн аймагында 2300-2800 м бийиктикте өсөт. Өрөөндүн чегинде өсүмдүктөрдүн 70ке жакын түрү бар. 2200-3200 м бийиктиктеги тоолордун тигирээк капталдарында карагай, көк карагай, арчадан турган токой (Беш-Таш, Үрмарал, Калба), ал эми Талас суусунун боюнда, Кеңкол капчыгайында бадал аралаш кайың-талдуу токой өсөт.

Карагай токойлорунун арасында шилби, ыргай, ит мурун, табылгы бар. Шалбаа өсүмдүктөрү тоо капталдарында анча чоң эмес массивдерди түзөт (Беш-Таш, Күмүштак, Нылды, Үч-Кошой). Субальп шалбаасы 2600-3100 м бийиктикте, тоолордун түндүк капталдарында кезигет. Өсүмдүктөрдүн тогуз төбөл, каз таман, флемистүү формациялары басымдуулук кылат. Ошондой эле шимүүр, чекилдек, алтай троллиусу кеңири таралган. Альп шалбаасы 3300- 3800 м бийик жерлерде таралган. Өсүмдүк катмарынын негизин доңуз сырттуу формациялар түзөт. Ошондой эле ыраң, примула, каз таман, кара гүлдүү ыраң кезигет. Бийик тоолуу альп талаалары Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк бетинде анча чоң эмес массивдерде кезигет. Аларды негизинен бетегелүү, бетеге-шыбактуу, бетеге-жылгамдуу өсүмдүк формациялары түзөт.

Калкы. "Талас облусу" республиканын калкынын 4,1%и (же 199,9 миң адам акыркы эл каттоодо) жашайт. Анын 33,5 миң же 16,8%и шаарда, 166,4 миңи же 83,2%и айылдарда турушат. Калкы көп улуттуу, басымдуу болүгү кыргыздар (жалпы калктын 88,5%и), анын ичинде орус (4,0%), немис (0,7%), өзбек (0,9%), татар (0,2%) ж.б. улуттардан да бар. Элдин орточо жыштыгы 1 чарчы чакырым аймакка 18 адам (республикада - 24 адам). Облустун борбору Талас шаарында 32,6 миң адам, жана Маймак шаарчасында 882 адам жашаган (1999). Калк көп жашаган ири айылдар: Кызыл-Абыр (10 миң адам), Покровка (6,9 миң), Бакай-Ата (6,6 миң), Көк-Ой (5,7 миң). Жалпы калктын 41,7% (83,4 миң адам) иш курагына жете элек жаштар, 49,6 (99,1 миң) эмгекке жарактуу жаштагы адамдар, 8,7% (17,4 миң) картандар түзөт. 2000-ж. калктын миграциясында облуска келген элдин саны 1571 адам, кеткендер - 2795 адам болуп, калктын азайуусу 1224 адамды түзгөн. Алардын ичинен 674 адам Бишкек шаарына жана Чүй облусуна, 456 адам КМШнын башка мамлекеттерине, ал эми 94 адам алыскы чет өлкөлөргө кетишкен.

Экономикасы. Облус Кыргыз республикасындагы экономикасы ортодон төмөнүрөөк деңгээлде өнүккөн чакан регион. 1991-жылдан экономикалык жана социалдык реформалар жүргүзүлүп, базар экономикасына багыт алынды. Натыйжада облустуи экономикасынын тармактарында структуралык өзгөрүүлөр киргизилди. Ар түрдүү менчиктеги жаңы ишканалар пайда болду. 2001-ж. 1-январына карата стастистикалык бирдиктин мамлекеттик регистрине киргизилген ээлик кылуучу субъекттердин (юридикалык жактардын) катталганынын саны 1158 (анын ичинен иштегендери 632) жеткен. Алардын ичинен мамлекеттик менчикте 146 (117), коммуналык - 193 (145) жана жеке менчикке 819 (370) тиешелүү болгон. Субъекттердин түрлөрү боюнча 1158 ишкананын чакан ишканалар - 869 (393), орточосу - 171 (139) жана ири ишканалар - 118 (100) болгон. Бул субъекттерден башка жеке ишкердикке тиешелүү көптөгөн субъекттер уюшулган. Алардын ичинен айыл чарбада эле 4125 жеке дыйкан (фермер) чарбалары түзүлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн субьектгер облустун экономикасынын дээрлик бардык тармактарында (өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, транспорт жана байланыш, ошондой эле калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүү жана тейлөө ж.б.) катталып, ар бири өз багыттары боюнча иштешет.

Облустун экономикасынын негизин, анын жеринин жаратылыш шартына ылайык чарба тармагы ээлеп, кой, уй, жылкы багылып, алардын азык-түлүктөрүн өндүрүүгө адистешкен. Дыйканчылыкта негизинен дан, тамеки, картөшкө жана жашылча өстүрүлүп, кийинки жылдарда облуста кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрү эгиле баштады. Айыл чарба тармагында 2000-ж. 2 колхоз, 45 дыйкан чарба коллективи, 5 мамлекеттик чарба, 5 акционердик коом, 12 айыл чарба кооперативи, 32 биргелешкен айыл чарба ассоциациясы, 3528 жеке дыйкан (фермер) чарбалары иштешкен. 1999-ж. облустун айыл чарба тармагында 42,7 миң адам эмгектенип (республиканын 5,0%), 3786,9 млн сомдук азык-түлүктөр (9,2%) өндүрүлгөн. Облустун жалпы аянтынын 65,3% же 746,9 миң га (республиканын 7,0%) айыл чарбада пайдаланууга жарактуу жер болгон. Анын 14,6% 108,7 миңи (республиканын айдоо аянтынын 8,6%) айдоо, 0,3% же 2,3 миңи (5,5%) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 0,4% же 2,7 миңи (1,6%) чөп чабынды жана же 84,8% же 633.0миң га (6,9%) жайыт.

Облуста 2000-ж. 100,2 миң га жерге эгин (республикадагы эгин аянтынын 8,3%), анын 53,1 % же 53,1 миң га (7,8%) дан, 0,4% же 434 га (2,8%) тамеки, 3,2% же 3,2 миң га (9,5%) кант кызылчасы, 9,5% же 9,5 миң га (13,7%)картөшкө, 4,5% же 4,5 миң га (9,5%) жашылча жана 25,2% же 25,2 миң га (9,3%) тоют өсүмдүктөрү эгилген. Облуста булардан башка 3,0 миң га мөмө-жемиш дарактары болгон. Дыйканчылыктан 2000-ж. 134,5 миң тонна дан (республиканын 8,6%), 938 тонна тамеки (2,7%), 63,0 миң т кант кызылчасы (14,0%), 2,7 миң т май өсүмдүктөрүнүн уругу (5,1%), 160,1 миң тонна картөшкө (15,3%), 83,5 миң т жашылча (11,2%) жана 12,4 миң т мөмө-жемиш (7,7%) жыйналган.

Облустун бардык чарбаларында 2001-жылдын 1-январына 47,3 миң уй (республиканын 5,0%), 334.0 миң кой жана эчки (8,8%), 2,1 миң чочко (2,1%), 24,2 миң жылкы (6,8%) жана 145,8 миң үй куштары (4,8%) болгон. Айыл чарбада 2000-жылы 24,5 миң т тирүү салмактагы эт (республиканын 7,1%), 68,2 миң т чийки сүт (6,1%), 13,1 млн даана жумуртка (6,3%) жана 1,2 миң т жүн (10,3%) өндүрүлгөн. Мал чарба азык-түлүктөрүнүн дээрлик бардыгын жеке менчикке тиешелүү чарбалар: калктын жеке чарбалары жана дыйкан (фермер) чарбалары өндүрүшкөн. 2000-ж. алардын жалпы үлүшү эт өндүрүүдө 99,8% (катары менен 66,8 жана 33,0%), сүттүн - 99,0% (57,0 жана 42,0%), жумуртканын - 100,0% (70,3 жана 29,7%), жүн кыркууда - 98,5% (58,3 жана 40,2%) болгон. Облуста өнөр жай өндүрүшү республикага салыштырмалуу начар өнүккөн. 2000-ж. облуста анча чоң эмес 19 өнөр жай ишканалары өзүнчө баланста турган.

Булар өндүргөн өнөр жай продукциялардын көлөмү 2000-ж. 153,5 млн сомду түзүп, облустун республикадагы үлүшү болгону 0,4%ке жеткен. Облустун өнөр жайынан 90%дан көп продукциясын тамак-аш, ун тартуу жана жем чыгаруу тармактары берет. Ошондуктан өнөр жайдын негизги продукциялары: эт (2000-ж. 212,7 т), быштак (197,0 т), малдын чалган майы (117,8 т), ун (10,9 миң т), бир аз санда бут кийим (0,9 миң жуп). Салыштырмалуу ири ишканалары: Таластагы ун жана жем чыгаруучу "Талас дан-азык мамлекеттик акционердик коому" (1999-ж. жалпы облустун өнөр жайынын 45,3% продукциясын чыгарган), Кара-Буура районундагы "Арашан" (18,5%), "Талассүт" (15,2%) жана "Азык" (6,4%) акционердик коомдору.

Транспорт. Талас облусундагы эл чарба жүктөрүн жана жүргүнчүлөрүн ташып, сырткы, ошондой эле ички экономикалык байланышты тейлөөдө негизги орун автомобиль транспортуна тишелүү. 2000-ж. автомобиль транспорту менен 713,0 миң тонна жүк (республиканын 2,0%) жана жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 133,1 млн жүргүнчү км (3,1%) болгон. Негизги автомобиль жолдору Тараз (Казакстан) - Кара-Буура-Талас-Чат-Базар-Өтмөк (Суусамыр өрөөнү), Талас-Покровка-Тараз, Кара-Буура-Аманбаев-Шекер-Көк-Сай. 1996-жылдын акырында Чөңөр ашуусу аркылуу Талас-Чат-Базар-Кулан (Казакстан) жолу курулган эле. Ал жол Талас менен Бишкектин аралыгын 145 чакырымга кыскартмак. Ал шашылуу менен сапатсыз курулгандыктан жол татаал жана коркунучтуу. Ошондуктан ал азыр пайдаланылбай бузулуу абалында турат. Облустун батыш чегинен Маймак шаарчасы аркылуу 17 чакырымга жакын темир жол өтөт. Бул жол сыртка жүк ташып чыгаруу жана жүк ташып алып келүүдө маанилүү.

Талас облусунда ушул темир жолдун аймагында 1997-жылдын март айында "Маймак" эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) уюшулган. Бул аймак облустун Кара-Буура районунун Казакстан менен чектеш жаткан Жоон-Дөбө темир жол бекетинин айланасын ээлеп, жалпы аянты 520 гектарды түзөт. Аймак башка өлкөлөр менен өндүрүштүк байланышты түзүүгө абдан ыңгайлуу жерде жайгашкан. Кыргызстанда ЭЭАларды уюштуруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык бул зонага салык төлөө, бажы акы алуу жана башкалар боюнча жеңилдиктер берилип, чет өлкөлүк каражаттарды тартып, алдыңкы технологияны пайдалануу жолу менен сапаттуу жана өтүмдүү продукцияларды чагарган өндүрүштү уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ошого карабастан "Маймак" ЭАсында 2000-ж. карата болгону чарба жүргүзүүнүн 9 субъекти катталып, алар ар түрлүү себептер менен өндүрүш иштерин баштай албай уюшуу абалында турушат.

Маданий турмушу. "Талас облусу" 2000-ж. калкты турак жай менен камсыз кылуу, республиканын орточо көрсөткүчүнө салыштырганда 20,0%, бала-бакчадагы орундар менен камсыз кылуу 25,0%, ооруканадагы орундар жана врачтардын (10 миң адамга эсептегенде) саны 19,0% жана элди тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү (адам санына эсептегенде) 60,0%ке төмөн болгон. 1999/2000-ж. окуу жылында облуста 51,1 миң окуучуну камтыган 108 жалпы билим берүү мектепте 3,7 миң мугалим иштеген. Алардын бирөө жатак мектеп, 3 сабактарды терендетип окуткан мектеп, бир лицей бар. Бардык мектептердин 90унда информатика кабинети бар. Облуста 6 кесиптик-техникалык окуу жайы иштеп, аларда 1143 окуучу окуган. Талас облусунда атайын адистик берүүчү 2 орто окуу жайында 1011 студент окуп, аларда 70 мугалим иштеген. 1999/2000-окуу жылы облуста жогорку окуу жайында (бирөө өлкөнүн борборундагы университеттин филиалы) 2363 студент окуган жана аларда 121 мугалим иштеп, анын 13 илимдин кандидаты болгон.

Саламаттык сактоо тармагында 2000-ж. облуста 4 райондук, 9 участкалык, 1 облустук оорукана, согуш ардагерлердин дарылоочу оорукана, 21 айылдык врачтык амбулатория, 4 фельдшер-акушердик пункт (ФАП), 4 санитария-эпидемиологиялык станция (СЭС), наркологиялык диспансер, 2 бейтапкана ж.б. медицина мекемелери иштейт. Облус боюнча 526 врач, 2033 медициналык орто билимдүү адис иштеген.

2000-ж. облуста 74 китепкана иштеп, аларда 894 миң нускада адабияттар жана журналдар болгон. 27 клуб жана маданият ишканалары, 3 музей иштеген. 1991-жылдан "Талас турмушу" деген облустук гезит жана райондук гезиттер чыгып турат. 1992-ж. январдан облустук жергиликтүү телекөрсөтүү ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү эфирге чыгат. Теленин жумалык көрсөтүүсү 3 сааттан кем эмес. Радио уктуруу жумасына 4 жолу 45 мүнөттөн жүргүзүлөт. Ар жекшемби сайын "Талас таңшыйт" республиканын аймагына уктурулат. Санариптик телеберүү киргизилегенине байланыштуу телекөрсөтүү жана радио уктуруулардын саатары көбөйгөн.

Облустун аймагында коло дооруна тиешелүү Таш-Дөбө, Кызыл-Сай, Беш-Таш, Желе-Дөбө, Таш-Арык көрүстөндөрү, Кеңкол байыркы көрүстөнү (б.з.ч. 3-2-к.), Нушжан шаар чалдыбары (Үч-Булак бекетинин жанында), эпиграфикалык эстеликтерден Талас байыркы жазуу эстеликтери (таштын бетине байыркы түрк жазуучу чегилген; Айыртам-Ой өндүрү), архитектуралык эстеликтерден "Манастын ордосу" комплекси (Манастын күмбөзү, "Манас" музей коругу, "Манас" музейи, мечит ж.б.), байыркы археологиялык жана архитектуралык эстеликтер бар. Талас облусу жонундо макала пайдалуу болду деген үмүттөбүз, кошумча-алымчалар болсо пикир калтырып койгула.

Булак: Кыргызстан жана Дүйнө өлкөлөрү энциклопедиясынан. Дайындаган: Аскарбекова М., Шамердиев Б.

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)