Талас облустук музыкалык драма театры

Талас облустук музыкалык драма театры К. Медетбеков атындагы – 2007-жылы Талас шаарында ачылган. Труппасы Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин (азыркы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) жана Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн турган. Республикалык жана эл аралык театр фестивалдарынын жана конкурстарынын катышуучусу жана дипломанты. Алгачкы театрдык сезонунда театрдын репертуарында: «Арыба, ак кеме», «үмүттүн турналары» (Ч. Айтматов, режиссёр Э. Бекболиев, Ш. Мендебаиров), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (Б. Жакиев, режиссёр А. Абдыкалыков), «Назик жүрөк азабы» (В. Сологуб, режиссёр С. Сазаев), «Периштенин махабаты» (Т. Мухамадризо, режиссёр, И. Жунусов), «Телибай тентек» (Б. Калчаева, режиссёр И. Жунусов), «Коркок жоокер» (В. Якуб, режиссёр И. Жунусов), «Чокчолой баатыр» (К. Ажымүдүнов, режиссёр М. Касаболотова), «Аялдардын шаң кече» (Хакимзада Ниязи, режиссёр О. Хожагули), «Күйөө сатам» (Ж. Өзүбекова, режиссёр Ш. Мендебаиров), «Алтын апельсин» (М. Варфоломеев, режиссёр И. Жунусов), «Апендинин беш катыны» (И. Содиков, режиссёр И. Жунусов, К. Сатыбалдиева), «Алтын Куш» (элдик жомок, режиссёр И. Жунусов) ж. б. чыгармалар бар. Театрда А. Алсейитова, Р. Сарымсакова, М. Касаболотова, А. Бекболотов, Т. Олжобаев, А. Абакирова, Н. Эржанов, ү. Нааматова ж. б. артисттер эмгектенишет. Артисттер жана кызматкерлер үчүн Көк - Ой айылында жатаканасы бар. Имараты 2008- жылдан курулуп жатат. 2011-жылы театрга Кыргыз Республикасынын эл артисти К. Медетбековдун ысмы ыйгарылган. Театрдын директору К. Эстебесов (2007).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)