Талаа

Талаанын кайсы гана тарабына көз чаптырбагын чөптөн башка эч нерсе көрүнбөйт. Ным жетишпегендиктен ал жерде дарак өспөйт, дарак дарыянын жээгинде гана өсөт. Кургак климатка чөптөр ар түрдүүчө ылайыкташкан. Эрте жазда, кар кетери менен алгачкы өсүмдүктөр - эфемерлер өсүп чыгат. Алар жапыз өсөт - бою 10-20 см, тамыры да анча узун эмес - 10 сантиметрге чейин жетет. Бир айдын ичинде эфемерлер өсүп, гүлдөйт да, урук байлап, анан куурайт. Ошондуктан аларга узун тамырдын кереги жок: жаздын алгачкы күндөрүндө жерде ным жетишерлик болот. Эфемерлер куураган соң кундуз чөп, гиацинт, горицвет (байчечекей) деген чөптөр чыгат. Алардын гүлү ачык жана кооз. Түштүктүн талааларында шыбак, бетеге, ак кылкан өсөт.

Ак кылкан желге ыргалганда күмүш толкун сыяктуу кооз көрүнөт. Чак түштө талаадагы шыбактын жыты буркурайт. Жайдын аягында күздүн башында талаадагы өсүмдүктөр куурап бүтөт. Ошол кезде талаада камгактарды көрүүгө болот. Камгак шарга окшош өсүмдүк. Күзүндө ал тамырынан сынып ажырайт, шамал аны жеңил, тунук шар сыяктуу алыска айдап кетет.

Ушул жол менен камгак өз уругун талаага чачат. Талаанын топурагы түшүмдүү келет, ошондуктан аны айдап, үрөн себишет. Айдалбаган талаа жокко эсе. Негизинен корукка алынган, мисалы Украинада Аскания-Нова коругу ээлеген талаа гана айдалбай сакталган. Андан талаа антилопасын - бөкөндөрдү көрүүгө болот. Качандыр бир кезде алар жайыт которуп талааны эркин кыдырып жүрүшкөн.

Талаа - кемирүучүлөрдүн мекени, айрыкча суур менен сары чычкан көп. Суур эч качан бир өсүмдүктү бүт жебейт, биринин жалбырагын үзүп, экинчисинин чырпыгын кемирип кетет. Ошондуктан суур жашаган жерде чөп калыбынан өзгөрбөй куурайт. Күзгө маал талаа саргарып, суук түшкөндө суурлар чээнге кирип, жазга чейин уктайт. Талаа чычкандары: сары чычкан, кош аяк, аламан да кышында чээнге кирет, алардын ичинен аламан чычкан гана тынч уктабайт. Ал кышка 15 килограммдай дан жыйнайт. Данды ууртуна толтуруп келип ийнине төгөт, ар бир келген сайын 45 граммдан алып келе алат. Кышында уйкудан ойгонгон сайын жыйнаган тамагынан оозуна салып, жеп коюп жата берет. Чычкандар суурдан айырмаланып, талаанын зыянкечтери болушат. Кемирүучүлөрдун душманы - жырткыч куштар - кулаалы, бүркүт, жаман сары, айры куйрук, күйкө.

Булар чычканга күндүз аңчылык кылышат. Түнкүсүн жапалак үкү менен кулактуу үкү ууга чыгат. Кемирүүчүлөрдү андан башка жырткыч айбандар - карышкыр, түлкү, арыс, кашкулактар да кармап жейт. Талаа жыландары да чычкан менен азыктанат. Ошентсе да чычкандар өтө көп, алар түшүмгө көп зыян келтирет. Талаа чөптөрүнө торгой, чил, тоодак өңдүү канаттуулар корголойт. Түндүк Америкада биздин талааларга окшогон талаалар бар, аны прерия деп аташат. Прериялар да айдалган.

Түштүк Америкада көйкөлгөн чөптүү пампа деп аталган талаалар созулуп жатат. Пампанын айбанаттары жана өсүмдүктөрү Европанын талааларынан айырмаланат. Жазында талаада түркүн түстүү гүлдөр күмүштөй жылтылдаган тулаң чөбү аралаш өсүп, жайкалган жашыл килемге жамынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)