Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тактык

Тактык – 1) процесстин, заттын, нерсенин параметрлеринин чыныгы маанисин, анын теориялык номинал маанисине жакындатуу даражасы. Ал механикалык иштетүүнүн, механизмдин, автоматтык башкаруу системасынын, өлчөөнүн тактыгы болуп айырмаланат, 2) чендин жана өлчөгүч прибордун көрсөтүүсүнүн чоңдуктун чен же прибордун жардамы менен жүргүзүлгөн чыныгы маанисине жакындык даражасы, 3) өлчөө тактыгы – өлчөө жыйынтыгынын өлчөнүүчү чоңдуктун чыныгы маанисине жакындыгын көрсөтүүчү өлчөө мүнөздөмөсү. Өлчөө тактыгыгын баалоо үчүн, мисалы, салыштырма өлчөө каталыгына (R0) тескери чоңдук алынат: Rf|=10 5 болгондо, өлчөө тактыгы. 105 болот, 4) иштетүү тактыгы – нерсенин иштетилген бетинин, анын формасынын, өлчөмүнүн жана абалынын чийменин талабына жана техникалык шартка дал келиши.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)