Табышмак менен жандырмак

Бир неме Апендини көрө коюп, табышмак айтыптыр: - Колумда эмне бар экенин тапсаң, жумуртка берем, - деп. - Болуптур, тапса табайын, бирок эмне белгилери бар, анча-мынча айтып койсоң, - дейт Апенди. - Мейли. Сырты ак, ичи сары - ал эмне? - дейт берки. - А-а, таптым, таптым! Колуңда ичине сары сабиз тыккан тоголок пыяз бар экен! - дептир Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)