Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Табышмак

Төө ооздуу, бото көздүү, эшек кулактуу, эчки чычаңдуу. Бул эмне, тапчы? Коён! Элестетип корчу, чынында эле коёндун оозу төөнүкүнө, көзү ботонукуна, куйругу эчкиникине окшош болот.

Демек, табышмак дегенибиз табияттагы биз билген жана билбеген ар түрдүү буюм, зат, кубулуштардын сөз менен сүрөттөлүшү экен. Табышмакта табияттагы кандайдыр бир нерселер жана кубулуштар толук эмес, бирок так сүрөттөлөт.

Бир саамга ойлонуп, анын жандырмагын таба аласыңар. Адамдар илгертен эле табышмактарга чоң маани берип, табият сырларын ачып, үйрөнүүсү үчүн балдарына табышмак айтып, анын жандырмагын табууга үйрөнүшкөн. Качан өспүрүм жетилип, жигит болгондо анын акылдуулугун, тапкычтыгын өтө татаал табышмактардын жандырмагын айттырып сынашкан.

Жомок, уламыштарда баатырларды өтө татаал, чиеленишкен табышмактардын жандырмагын айтууну талап кылып: Тапсаң - тирүү каласың, таппасаң - өз убалың өзүңө!, - деп шарт койгон тири укмуш дөөлөр жөнүндө айтылат. Байыркы грек мифинде арстан тулкулуу канаттуу аял - Сфинкс Эдип падышага татаал табышмак айтат: Эртең менен төрт, түштө эки, кечинде үч буттап басат? Эдип: Эмгектеген бала, чоң киши жана таяк таянган карыя - деп табышмактын жандырмагын туура табат. Жеңилип, ызаланган Сфинкс аскадан боюн таштап өлөт экен. Байыркы адамдар муну менен адам катаал табияттын бардык сырларын ача алат деген ойдо болушкан.

Бул табышмак бүткүл дүйнөгө тараган. Ал эми башка жомоктордо падышанын текебер кызы табышмактын жообун туура тапкан акылман кедей жигитке турмушка чыккандыгы айтылат. Биз бардыгыбыз баш катырып табышмактардын жообун табууну жакшы көрөбүз. Табияттын дагы эле болсо көптөгөн табышмактуу сырлары ачыла элек. Аларды терең үйрөнүп билүү үчүн ар бир бала жөнөкөй жана кызыктуу табышмактарды жандырып, өзүн тапкычтыкка тарбиялоосу керек. Табышмак табуу - биринчиден, акылдуулугунду сынаса, экинчиден ой жүгүртүүңдү өстүрүп, сөз байлыгыңды арттырат, тилиңди жатыктырат, үчүнчүдөн, табият кубулуштары, илим менен техниканын жетишкендиктери жөнүндө көп билүүгө үйрөтөт.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 12912, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-10-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо