Табият

Байыркы кыргыздар көктө Теңир колдойт деп, Жер Энеде "табият" менен эриш-аркак, шайкеш жашоого, аны ыйык тутууга, андан кудуреттүү, күчтүү ыйык касиетти табууга эзелтен ыклас койгон. Байыркы кыргыздар табият менен дайым бирге болгон, дүйнөнү бүткүл турпаты менен кабыл алган, андан күнү да, түнү да бөүнгөн эмес. Табиятты өзүнөн улук сезген, ага багынган, ага каршы чыкпаган.

Ал өзүн табияттын бир мүчөсү сыяктуу сезген, аны сыйлаган, сыйынган. Кыргыздардын жашоо-тиричилигин чечмелеп айтканда, көр оокат, кара курсактын түйшүгүнөн кутулары менен табиятка сүкүт салган, өзүн аман сактоонун жолу - табиятка табынуу деп боолгологон, өзүнүн бактысы, ыракаты - табият менен шайкеш жашоодо экендигин аңдап билген. Көчмөндөр боорукер эл, табиятка жакын, анын ырлары бүт табияттын сулуулугун, кереметин даңазалаган. Ошондуктан алар табиятка аяр мамиле кылышкан. "Табият" - адам баласынын жакшылыгын дайыма кайрыйт: пенденин пейил-кунуна жараша, тазалыгына жараша башына бакыт үйөт.

Теңир табиятты адамга бир гана жыргал жашоосу үчүн ыйгарган эмес, анда адам эмгектенсин, тиричилик түйшүгүн түшүнсүн, сулуулугуна суктансын жана баа-баркын билип, сырын ачсын деп берген. Табият менен эриш-аркак жашоонун шарапатынан байыркы көчмөн кыргыздар андан көптү үйрөндү, рухий олжолорго жетти, касиет-сырын түшүндү, акыл-ою байыды, рухий дүйнөсү, ниет-зээни тазарды, көзү ачылып, көңүлү өстү, адам баласынын турмушун, мамилелерин таза сактоого умтулду, өз элинин кимдигин билди, адамгерчиликтин, сулуулуктун, боорукерликтин, өмүрдүн, баалуулугуна көзү жетти. Бекеринен кыргыздар уулдарынын, урпактарынын, уруусунун аттарына айбанаттардын аттарын коюшпаса керек. Эрте жаздагы кургакчылыкта жана кеч күздө, сонор түшкөндө, урук-уруулар же үй-бүлөлөр чогулуп, суу жээгине же тоодо ак боз бээни назир тайып, ак чүпүрөк төшөгөн жыгач идишке аккан канын тосуп алышкан. Ар бир үйдүн ээси идиштеги канга колун малып, үй-бүлөнүн ар биринин чекесине сүрткөн, белги коюп ырымдаган.

Анан Эл карысы: «Айланайын, Теңир, айланайын Жер, айланайын Суу! Саат-сабырдан сакта, оору сыркоодон сакта! Мал-жан аман болсун!» - деп Жаратканга, Жер-Сууга (Жер энеге) башкача айткандай "табият" энебизге сыйынган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)