Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Табалдыев Кубатбек Шакиевич

Кубатбек Шакиевич Табалдыев (англисче Kubatbek Tabaldyev) — кыргыздын археолог, тарыхчы окумуштуусу, Кыргызстан, Сибир, Ички Азия тарыхы боюнча адис. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргыз Тарых Коомунун вице-президенти (2012-жылдын 11-февралынан).

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин бүтүргөн.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (азыркы Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты) мүчөсү жана жетекчи орун басары болгон.

Орусиялык кыргыз таануучу археолог Юлий Сергеевич Худяков анын кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси болгон.

Кубатбек Табалдыев (кээ бир китептерде Табалдиев деп да жүрөт, бирок паспортуна ылайык Табалдыев) 1962-жылы 21-июлда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

1979-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан орто мектебин аяктаган.

1984-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин аяктаган.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (1989) жана Кыргызстан Тарыхчылар Коому (1995) уюмун жана "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесин (2012) негиздегендердин бири.

2012-жылдын 11-февралында Кыргыз Тарых Коомунун (КТК) вице-президенти болуп шайланган.

1984-1986 – Каракол педагогикалык окуу жайы, тарых мугалими.

1986-1987 апрель Нарын областтык комсомол комитети – референт.

1987-1990 жж. Кыргыз мамлекеттик университети, археология жана этнография кафедрасы – ага лаборант, мугалим.

1990-1992 жж. Россия, Новосибирск мамлекеттик университеинин гуманитардык факультеинин стажер-изилдөөчү, аспирант.

1992-19 жж. – Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын окутуучусу.

1992-19 жж. – Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын ага окутуучусу.

1994 ж. – «Теңир-Тоодогу көчмөн уруулардын маркумду көмүү адаттарынын эволюциясы» деген темада Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүндө кандидаттык диссертация коргогон.

1992-19 жж. – Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын доценти.

1998 - 2003 жж. – Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу.

2003 декабрь - 2010 жж. – Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүнүн доценти.

Доцент, тарых илиминин кандидаты Табалдиев Кубатбек Шакиевич ушу тапта Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору болуп иштеп жатат.

Ал 1995-2010-жж. Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун торага орун басары.

2012-жылдын 11-февралынан тартып Кыргыз Тарых Коомунун вице-президенти (бул уюмдун президенти - Тынчтыкбек Чоротегин, дагы эки вице-президенти - Бектемир Жумабаев менен Арслан Капай уулу Койчиев).

Өмүрлүк жары - Бактыгүл Макерова, кесиби боюнча тарых мугалими.

Алардын үч уулу (Элдияр, 1989, Бактияр, 1997, Данияр, 2002) бар.

Кыргызча (эне тил), орусча, немисче, англисче, түркчө.

100гө жакын илимий, 40 илимий-популярдык макалалардын жана 3 монография, 2 брошюра, 1 китеп жамаатташтык менен жазылган эмгектердин автору.

Бишкек, Новосибирск, Барнаул, Красноярск, Омск, Фракфурт, Анкара, Измир, Самарканд, Алматы, Блумингтон, Теннеси, Чикаго, Токио, Тегеран, ж. б. шаарларда өткөн 40тан ашуун эл аралык илимий-практикалык конференциялардын, симпозиумдардын жана курултайлардын, бир катар эл аралык археологиялык экспедициялардын катышуучусу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)