Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Таан

Куйрук жагы кара, моюну көгүш түстөгү бул канаттууну оной эле таанууга болот. Кээде таандарды чөкө таандар деп да аташат. Таандар - дээрлик бардык жерде кезигүүчү канаттуулар. Чөкө таандар Чүй, Фергана, Ысык көл, Кочкор, Атбашы, өрөөндөрүндө кездешет. Ал эми бул канаттуулардын көпчүлүгү адам жашаган турак жайларга жакын уялашат. Бул жерден уя салууга ылайыктуу жай (үйлөрдүн чатырлары, бийик мунаралар ж. б.), азык, айрыкча кышында, оңой табылат. Таандар келгин куштар эмес. Кээ бир жерлерде гана кышкысын 200-300 чакырым түштүгүрөөккө учуп кетишет.

Жазында алар мурда уялаган жерине кайтып келип, көңдөйлөрдөгү, оюктардагы жана үйдүн чатырларындагы эски уяларын оңдошот. Бир эле уяга бир нече жыл уялашат. Эски уясын оңдоп, эгер керек болсо, жаңы уя салышат. Ургаачы таандар 3-8 жумуртка тууйт. Жумурткалары кара темгилдүү көгүш жашыл түстө болот.

16-18 күн баскандан кийин алардан балапандар чыгат. Таандар азыкты көп эле ылгап жебейт. Кээде жемиш бактарына, короолорго талоончулук кылышат. Ар түрдүү таштандыларды жеп, шаар тазалагычтардын милдетин аткарат. Ошентсе да таандардын пайдалуулугу курт-кумурскаларды - саратан, дампыз, шиш тумшук, жалбырак жегич коңуздарды кырып жок кылгандыгында болуп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 815, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу