Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сынык жана кан агуу учурундагы биринчи жардам

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Сынык жана кан агуу учурундагы биринчи жардам

Сөөккө кокусунан күчтүү механикалык соккунун таасири тийсе (урунса, жыгылса ж. б.) сынык пайда болот. Сыныктын белгилери: катуу ооруйт, сынган жер иштебей калат, жабыркаган жердин формасы өзгөрөт, кээде сынган сөөк кычырайт, жанындагы жумшак ткандардан кан куюлат жана шишийт. Кабырга сынганда терең дем алуудан жана жөтөлүүдөн оорутат. Сыныкка шакшак коюу. Ачык же жабык сыныкты эч убакта өз алдынча түзөп же ордуна салууга болбойт. Жабыркаган сөөктү кыймылдатпай ордуна коюу керек, антпесе, сөөк терини тешип, кан тамырлар жабыркап, кан көп агат, оору күчөйт. Сыныкка дароо катуу материалдан (жыгач, металл, пластмасса) шакшак коюу керек.

Шакшакка таяк, кол чатыр, тактай сызгыч ж. б. жарайт. Демейде шакшак кийимдин жана бут кийимдин үстүнөн эле коюлат. Жыңалач этке шакшак коёрдон мурда ага кебез, дакиден калың коюп туруп сынган колу - буттун бир нече жеринен кур, жип же даки менен таңуу керек. Шакшактын узундугу сынган жердин жанындагы муундарды туташтыргандай болгону жакшы. Сыныкты катуу таңбайт, себеби кан жакшы жүрбөй, сыныктын төмөн жагы көгөрүп же кубарып кетет, ошол эле учурда сыныкты кыймылдабагандай кылып таңуу керек. Эгерде шакшак коюуга эч нерсе табылбаса, анда сынган бутту соо бутка таңып, колду моюнга асып алса болот.

Таңуу Сынык ачык болсо, тегерегин йод менен тазалап, жаракатка стерилденген таңуу коюу керек. Сынык ачык болуп, кан көп кете баштаса, адегенде кан буугуч менен канды токтотуп, андан кийин шакшак коёт. Жабыркаган адамды жакын жерге гана көтөрүп барууга болот. Кан агууЖарадар болгон кан тамырлардан кандын чыгышы.

Кан сыртка же кандайдыр бир органга (карын, ичеги, мээ ж. б.) агышы мүмкүн. Травмадан кан агуу көп кездешет, ал учурда көп кан жоготуу коркунучу туулат, ошондуктан аны тез арада токтотуу керек. Кан көп кетсе, догдур чакыруу керек. Догдур келгенге чейин кан агууну токтотуучу буугуч же толгооч коюу керек. Эгерде колдон кан акса буугучту жогору жагынан чоюп туруп 2- 3 сыйра ороп байлоо керек. - Эгерде сандан кан акса (сынбаса) бутту жогору көтөрүп жарааттын жогору жагынан резина буугуч же жип менен, болбосо көйнөктү айрып жиберип таңуу керек. Буугуч же толгооч 1,5 - 2 саттан ашпаган убакытка гана коюлат, антпесе колдун же буттун учтары жансыздана баштайт. Таңылган убактысын кагазга жазып кыстарып койгон дагы оң. Эгер андан көп убакыт туруп калса, аны саат сайын, кан тамырды кол менен басып 10 минутага бошотуу керек.

- Мурундун канашы. Адегенде эле мурунду жууганды, чимкирүүнү, жөтөлгөндү токтотуу зарыл. Оорулууну отургузуп, суутектин өтө кычкылына нымдалган кебезди же дакини тоголоктоп таноого тыгып, башын алдыга эңкейтет (чалкалатпайт). Оорулуунун бутуна жылыткыч, желкесине муздак резина койсо болот. Кан түкүрүү - жөтөлгөндө дем алуу жолу аркылуу кандын чыгышы. Догдур келгенче оорулууну бийигирээк жөлөп жаткырат. Аны менен сүйлөшүүгө, ысык ичирүүгө тыюу салынат. Суусаса туздуу (1 стакан сууга 1 кашык туз) муздак суудан кичинеден ууртатып, толук тынчтыкты камсыз кылуу керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 6645, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу