Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыдыков Казыбай

Баш барак | Биографиялар | Сыдыков Казыбай

Сыдыков Казыбай(1939-жылы туулган, Ысык-Көл району, Карал-Дөбө айылы) - геолог, экономист, экономика илимдеринин доктору (1983), профессор (1988). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). 1964-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономикалык интунда кенже, улук илимий кызматкер, 1972-81-жылы сектор башчысы. 1981—86-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин экономикалык институтунда бөлүм башчы. 1987—88-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономикалык институтунда бөлүм башчы, 1988-жылдан Кыргыз Республиканын улуттук информациялык борборунун директору. Эмгектери Республиканын өндүргүч күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштырууга, табигый ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана айланачөйрөнү коргоого, ошондой эле илимий техникалык прогресстин экономикалык маселелерине арналган.

С. 82 илимий эмгектин (анын ичинде 16 монография; авторлош) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 627, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо