Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыдыков Абдыкерим

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Сыдыков Абдыкерим

[1889, Бишкек уезди, Канай болушу, Башкарасуу айылы (азыркы Аламудун р-нунда) - 1938, Бишкек] - советтик, партиялык ишмер. Мусулман мектебинде окуган. 1911-жылы Верныйдагы эркек балдар гимназиясын бутургон. 1912-17-жылы Бишкек уезддик башкармасында катчы жана тилмеч. Февраль революциясында уезддин жана шаардын коомдук-саясий иштерине жигердуу катышкан, Бишкек уездинин комиссарынын орун басары. Бишкекте «Алаш-Ордо» партиялык комитетин уюштуруучулардын (И. Арабаев, К. Тыныстанов, Н. Тулин менен бирге) бири, ошол эле учурда солчул эсерлер партиясынын да мучосу (1917-18). 1918-жылы октябрда большевиктер партиясынын катарына отуп, Бишкек уезддик комиссарынын орун басары, соода-чарба жана онор-жай болумунун торагалык, улут маселеси болумундо кедейлерге укуктук жактан акысыз жардам берууго башчылык кылуу милдеттерин аткарган. 1919-20-ж. мартка чейин Жетисуу облустук Мусулман бюросунун торагасы, ал жоюлгандан кийин Туркстан коммунисттик партиясынын Жетисуу обкомунун уюштуруу болумунун башчысы.

1922-жылдан Жетисуу облустук аткомунда президиумдун мучосу, тораганын орун басары, Туркстан АССРинин ички иштер эл комиссарынын орун басары, ошол эле жылы декабрда Буткул союздук Кенештин 1-съездине буткул кыргыз элинин окулу болуп катышкан. Жаркен уезддинде жер-суу реформасын жургузууну жетектеген. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун тузуунун башында турган. Бирок бул долбоор «улутчул» деп табылып, РКП(б) БК тарабынан четке кагылган. 1924-жылы октябрда Кара Кыргыз Автономиялык Облусун тузууго активдуу катышкан. 1921-25-жылдары манаптын тукуму, падышалык жана убактылуу окмот акимчиликтеринде иштеген делинип, партиядан 4 жолу чыгарылган. 1926-32-жылы Ташкенде Орто Азия мамлекетинде илимий кызматкер болуп иштеген.

Ал жерден «Кыргыз элинин уруулук болунушу» (1927). «Кочмондордо малды жайытта багууну уюштуруу» (1930) деген илимий макалаларын жана башкаларды жазган. 1932-жылы Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССР Мам. пландын торагасынын орун басары болуп иштеген. 1933-жылы камакка алынып, 1934-жылы Туркстан аскер округунун трибуналы «контрреволюциячыл» деп жарыялап, 10 жыл эркинен ажыратат. 1938-жылы «Социал-Туран партиясын» уюштуруучу деген жалаа менен кайрадан соттолуп, олум жазасына тартылган. 1958-жылы акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 629, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу