Сыдыгалиев Качкыналы

Качкыналы Сыдыгалиев (Чүй районунун Кара-Ой айылында 1934-жылы 2-февралда туулган) - жазуучу, кесиби боюнча врач, медициналык кызматтын подполковниги, СССР саламаттык сактоонун отличниги.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы,
1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орунбасары,
1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы,
1969–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын начальниги,
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.
1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, ырлары, тамсилдери чыга баштаган.
1981-жылы алгачкы «Жүрөктөгү так» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
1985-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Иштеги жетишкен ийгилиги жана КГБда кемтиксиз кылган эмгеги үчүн: «За воинскую доблесть», «В ознаменовании 100-летия со дня рождения В. И. Ленина», «60-лет Вооруженных Сил СССР», «За безупречную службу 3-й степени», «За безупречную службу 2-й степени», «50-летия КГБ Киргизии», «80 лет службе национальной безопасности Кыргызской Республики» деген медалдар, ошондой эле КГБнын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Автордун «Асыл ойлор» рубаилери Кыргыз улуттук университетинин Окуу-усулдук бирикмесинин 2006-жылдын октябрындагы №1-чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан (Буйрук №561/1. 17-октябрь. 2006-жыл) «Филология» адистиги боюнча окуган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кошумча окуу куралы катарында уруксат кылынган.

Жүрөк – кан тамырлардын оорусу жана алдын алуу: – Ф., 1975. – 25 б.
Тамеки тартуу жана ден соолук: – Ф., 1975. – 28 б.
Аарынын балы жана анын дарылык касиети: – Ф., 1975. – 18 б.
Жүрөктөгү так: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 156 б.
Ишеним: Повесть жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1983. – 128 б.
Бурулча: Повесттер жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1985 – 262 б.
Ой артынан ой келет: Рубаилер жыйнагы. – Ош, 1998. – 185 б.
Асыл ойлор: Рубаилер топтому. – Б., 2006. – 358 б.
Чика жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.
Таргыл мышык жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 131 б.
Кадыр түндөгү сыр жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.
Дөңгөч баатыр жана башка жомокор. – Б., 2004. – 132 б.
Кереметтүү жомоктор. – 2004. – Б., 150 б.
Өлүп тирилген адам: Повесть. – Б., 2005. – 159 б.
Ак төш мышык: Мурка же анын достугу жөнүндө повесть. – Б., 2005. – 57 б.
Сүйүүм сага аманат: Повесть. – Б., 2005. – 106 б.
Замана: Аңгемелер. – Б., 2005. – 139 б.
Бой тумар: Аңгемелер. – Б., 2005. – 152 б.
Селсаяк синдрому: Аңгемелер. – Б., 2005. – 179 б.
Ормокойдун окуясы жана башка сатиралык аңгемелер – Б., 2005. – 151 б.
Өмүр жолу. Повесть. – Б., 2005. – 245 б.
үмүт: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 203 б.
Сайгак: Тамсилдер. – Б,. 2005. – 248 б.
Чагылган: Аңгемелер. – Б., 2005. – 134 б.
Дербиш: Аңгемелер. – Б., 2005. – 130 б.
Тагдыр: Повесть. – Б., 2005. – 180 б.
Изде мени китептердин арасынан: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 200 б.
Азгырык. Аңгемелер, ырлар, рубаилер, эссе. – Б., 2006. – 197 б.
Too койнундагы чечим: Роман. – Б., 2006. – 242 б.
Барса келбес жалгыз жол: Аңгемелер жыйнагы. – Б., 2008. – 198 б.
Мухаммед пайгамбардын өмүр жолу: Ыр менен жазылган тарыхый ро-ман. – Б., 2008. – 230 б.

Кыргыз Республикасынын жазуучулары. 1-том.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)